Улуттук банк накталай доллардын тартыштыгы эмнеге байланыштуу экенин түшүндүрдү

Рынокто накталай доллардын тартыштыгы дүйнөдөгү геосаясий жагдайдын жана тышкы рыноктордогу белгисиздик орун алган кырдаалдар менен байланыштуу. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Мекемеден Улуттук банк өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана кризистин алгылыксыз натыйжаларын азайтуу максатында коммерциялык банктардын, алмашуу бюролорунун жана микрофинансылык уюмдардын накталай АКШ долларын өлкөдөн сырткары чыгарып кетүүсүнө тыюу салууну кошуп, кризиске каршы бир катар чараларды көргөнүн айтышты.

«Бирок Кыргызстандын мыйзамдарында капиталдын эркин жылышы каралган, бул чет өлкө валютасын жеке адамдар жана юридикалык жактар өлкөгө/өлкөдөн эркин алып келүүгө/чыга ала тургандыгын түшүндүрөт», — деп билдиришти Улуттук банктан.

Улуттук банк накталай доллардын жетишсиздигине аны өлкөгө алып келүүнүн логистикалык байланышынын бузулушу жана айрым адамдар валюталардын курстук айырмасынан пайда табуу максатында алып сатарлык кылып атканы кошумча фактор болуп саналат деп эсептейт.

«Бүгүнкү күндө айрым жергиликтүү коммерциялык банктар накталай АКШ долларынын зарыл көлөмү менен камсыз кылуу үчүн накталай чет өлкө валютасын алып келүү боюнча операцияларды жүргүзүп жатышат. Ошол эле учурда, накталай акчаны жеткирүү үчүн логистикалык байланыштын татаалдыгы алардын акыркы наркына таасир этет», — деп түшүндүрүштү банктан.

Улуттук банктан чет өлкө валютасын маалымат тактасында көрсөтүлгөн тиешелүү курстан айырмаланган курс боюнча сатып алууга жана сатууга тыюу салынганын эскертишти. Мекемеден чет өлкө валютасы бар болсо, валюта рыногунун катышуучулары чет өлкө валютасын чектөөсүз сатууга милдеттүү экенин кошумчалашты.

Ошондой эле, Башкы банктан накталай эмес чет өлкө валютасы менен операциялар коммерциялык банктар тарабынан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын талабы боюнча кандай болбосун көлөмдө жана кандайдыр бир чектөөлөрсүз жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Улуттук банктан коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун иши туруктуу негизде көзөмөлдөнүп жатканын кошумчалашты.

Тема боюнча окуңуз:

Орусия долларды «сордуруп» жатат — экономист сомдун долларга карата арзандашынын себеби тууралуу