Бишкек шаардык соту Канат Исаевди 23-декабрга чейин камакта калтырды

Бишкек шаардык соту 5-декабрда парламенттин экс-депутаты Канат Исаевдин адвокаттарынын аппеляциялык арызын карап, эл өкүлүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты. Сот саясатчыны 23-декабрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Чечимге ылайык, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, жактоочулардын апелляциялык арызын канааттандыруудан баш тартты.

Экс-депутаттын кызы Бермет Исаева 24.kg’ге атасы күнөөсү жоктугун айтканын билдирди.

«Бул 2017-жылы козголгон эски иш. Баш коргоо чарасы боюнча соттор “жашыруун” деп жабык өтүп жатат. Негизи сотто каралган эмес», — деди Бермет Исаева.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты 23-октябрда кармалган. Ал УКМКнын ТИЗОсуна 23-ноябрда киргизилген. Исаев ага чейин бир күн мурда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү болгон.

Соттон экс-депутаттын 2018-жылдын 1-октябрынан бери эч кайда кетпөө тил каты бар экенин билдиришкен.

Бирок Исаевге карата козголгон кылмыш иши жашыруун гриф экенине таянып кеңири маалымат беришкен эмес.

Мурдагы депутаттын туугандарынын айтымында, 23-октябрь күнү аны УКМКга суракка чакырып, бир нече сааттан кийин кармап кетишкен.

Сөз 2017-жылы козголгон кылмыш иши тууралуу болуп жатат. Анда УКМКнын кызматкерлери Исаевди «бийликти күч менен басып алууга» даярдык көрүүгө шектеп кармашкан.