Оштогу Даун синдрому бар балдар Түркиядагы олимпиадада 5 медаль утушту

Түркиянын Анталия шаарында өзгөчө балдар арасында олимпиада өттү. Анда Ош шаарындагы «Сантерра-Юг» Даун синдрому бар балдардын ресурстук борборунан барган беш бала байгелүү орундарды алышты.

4-6-декабрда өткөн мелдештин катышуучулары эки алтын медаль, бир күмүш жана эки коло медаль тагынышты.

«Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өзгөчө балдар, тагыраагы, Даун синдрому бар балдар чет өлкөгө олимпиадага чыгып, алтын медалдарды утушууда. Аталган чемпионатка Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия катышып жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган борбор олимпиадага барчу балдардын жана аларды коштогон ата-энелердин жол киреси үчүн каражат чогултууга жардам сураган.

Жалпы 10 адамдын жол акысын төлөөгө жалпысынан болжолдуу 455 миң 400 сом керектелери айтылып, ал чогултулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Даун синдрому бар балдар олимпиадага чакыруу алды, жол кире үчүн каражат керек болууда