Бир кадр менен: Бакиевдин үйүнүн ордуна балдардын реабилитациялык борбору курулду

Бозгун президент Курманбек Бакиевдин Бишкектин Жибек Жолу проспектисиндеги үйүнүн ордуна балдардын реабилитациялык борбору курулду. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Фейсбук барагында билдирди.

Бакиевдин үйү жайында сүрдүрүлгөн.

«Реабилитациялык борборду курууну баштаганда “булар басып алды, ээлеп алды, эми өзүнө үй салат экен” деген ушактарды таратышты эле. Биз натыйжаны иш жүзүндө көрсөтөбүз, мына буюрса имарат бүтүп калды, жакында ачылышы болот. 100 орундуу, заман талабына ылайык шарттары менен колдонууга берилет», — деп жазды ал.

Туманбаев Садыр Жапаров аларга борборду жыл аягына чейин куруп бүтүүнү тапшырганын, иш өз убагында аткарылганын белгиледи.

Мурда тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевге таандык болгон үй 2022-жылдын июнунда сүрдүрүлгөн.

Буга чейин 9-июнда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги бул үйдүн ордуна майыптыгы бар балдар үчүн ден соолугун калыбына келтирүү борбору куруларын билдирген. Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, борбор балдарды акысыз тейлей турганы айтылган.

«Биз баарын билебиз, өзгөчө балдары бар үй-бүлөлөр жеке кызматтарды төлөй алышпайт. Эми мамлекет заманбап борбордо сапаттуу кызмат көрсөтөт. Борбор бир убакта 100 балага чейин кабыл ала алат», — деп айткан Базарбаев.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 32 миңден ашуун майыптыгы бар бала бар.

Курманбек Бакиев 2005-жылы Аскар Акаев тактан кулатылгандан кийин, март революциясынын натыйжасында бийликке келген.

2010-жылы 7-апрелде элдик толкундоолордун натыйжасында 80ден ашык киши каза таап, Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган.

Бакиев үй-бүлөсү менен Белоруска качып кеткенден кийин бийликке Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу өкмөт келген.

Курманбек Бакиевдин Белорустун жараны экенин айгинелеген паспорту хаккерлик аракеттен кийин ачыкка чыгып кеткен.

2016-жылы сот Бакиевди 7-апрель окуялары жана дагы башка кылмыштары үчүн сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү да сыртынан кесилишкен.