Кыргыз-тажик чек арасынын 17,66 чакырымы такталды, бирок кайсы жерлер экени айтылган жок

Кыргызстан менен Тажикстан 17,66 чакырымды түзгөн чек ара сызыгынын долбоордук сыпаттамасын түзүштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мааламатка ылайык, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациясынын топографиялык жумушчу тобу 1-декабрда Баткен шаарында жолуккан. Жолугушуу 6-декабрда жыйынтыкталды.

Минкабдан сүйлөшүүлөр «достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнүн» белгилешти. Тараптардын кийинки жолугушуусу 2023-жылы Тажикстанда болору айтылды.

Ал эми президенттик администрациядан «Клоопко» азырынча так кайсыл жерлер тууралуу сөз болуп жатканы белгисиз экенин айтышты. Бул тууралуу Жаңы жылга чейин тактап, маалымат берүүнү убадалашты.

Буга чейин Бишкекте өткөн Элдик Курултайда президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча алдын ала макулдашууга жетишкенин кабарлаган.

«Сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, бирок кол коё элекпиз. Эки тарап тең макулдашууга келиштик. Камчыбек Ташиев барып алдын ала кол коюп келди. Эми [тажик тарап] бизге келип, кол коюшат. Анан парламентке алып барабыз дагы, өткөрүп, буга чекитти коёбуз», — деген ал.

Кыргыз-тажик чек ара көйгөйү

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы гана демаркацияланган. Калган аймактардын азыркыга чейин тактала элек. Ал эми эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда чыр байма-бай болуп келет.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптоодо.

Тема боюнча:

Президент: Кыргыз-тажик чек арасы такталууда, бир чарчы метр жерди да бербейбиз