Президент: Кыргыз-тажик чек арасы такталууда, бир чарчы метр жерди да бербейбиз

17-сентябрда президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, кайрылуу жасады. Ал Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилгенин белгилеп, ал эми кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселелери дагы деле күн тартибинде экенин билдирди.

Өлкө башчысы кандай болгон күндө дагы «ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жердин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз» деди.

Ошондой эле, ал куралдуу кагылышууда каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө ар тараптан колдоп, комкордукка аларын баса белгиледи.

«Куралдуу кагылыштарда, тилекке каршы, кырчындай өмүрлөр кыйылбай койбойт экен. Кечээки окуяларда биздин эр жүрөк чек арачыларыбыздын жааган октон жалтанбаган эрдигине, душман мизин кайтарган баатырдыгына чоң ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Ошондой эле, ал куралдуу кагылышта Кыргызстандын жарандары эле эмес, ыкчам маалыматтар боюнча, тажик тарап дагы «оор жоготууга» учураганын белгиледи.

Президент Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилгенин жана аларды кагазга түшүрүп, бекемдөө жумуштары гана калганын айтты. Ал эми кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселеси дагы деле каралып жатканын белгиледи.

«Тарых тастыктап келе жаткандай, чек ара маселеси — өтө кылдаттыкты, сабырды талап кылган оор маселе. Ошентсе да биз кыргыз–тажик чек арасын ыкчамдатып чечүүгө аракетибизди бир мүнөт дагы токтотпойбуз», — деп белгиледи ал.

Эки өлкөнүн макулдашуусу

16-сентябрда Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов баштаган күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жолугуп, ок атууну токтотууну макулдашкан.

Ал арада эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашып, ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашкан.

Бирок УКМКнын Чек ара кызматынан саат 18:00го карата тажик тарап макулдашууну бузуп, кайрадан ок чыгарып жатканын кабарлаган. Ал эми саат 18:30га катара чек арадагы кырдаал чыңалуу бойдон экени малымдалган.

УКМКнын Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн билдирген.

Чек ара кызматы саат 11:15ке карата тажик тарап ок атпоо келишимин бузуп, Достук айылына кайрадан ок чыгарып жатканын кабарлады.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги кол салуунун кесепетинен 103 адам жарадар болуп, кеминде 24 адам каза тапканын кабарлады.

Тема боюнча:

Чек ара кызматы: Тажик тарап макулдашууну бузуп, кайрадан ок чыгарды

Кыргыз-тажик чек арасында эмне болуп жатат? Хронология