Сокулукта почта кызматынын жооптуу адамдары 1 миллион сомго чукул каражатты кымырып алганы айтылды

Кыргыз почтасы

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук кызматкерлери 985 миң 651 сомду менчиктеп алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 7-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн акчаны кымырып алганы тууралуу Сокулук райондук прокуратурасы пенсия, жөлөк пул жана башка төлөмдөрдүн сарпталышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерген учурда белгилүү болгон.

Факты боюнча «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен иш козголуп, райондук почта кызматынын башкы эсепчиси, котормо оператору жана чарба жагын тейлеген бөлүм башчысы кармалды.

Прокуратурадан шектүүлөр тергөө учурунда келтирилген зыяндын ордун толтуруп бергенин кошумчалашты. Ал эми иштин материалдары райондук соттун кароосуна жиберилди.

Буга чейин Башкы прокуратура Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери 21 миллион 800 миң сом кымырып алганын аныктаган.

Шектүүлөр Ат-Башы районунун Казыбек айылына бала бакча курууда жана Кара-Булуң айылындагы таза суу системасын реабилитациялоодо иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга акчаны мыйзамсыз которгону аныкталып, «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Нарында капиталдык курулуш башкармагынын кызматкерлери 21 млн сом кымырып алганы аныкталды

Өкмөт MegaCom, «Кыргызпочтасы» жана «Кыргызтелекомду» бир холдингге бириктирет