Өзгөндөгү мушташ: Каза болгон окуучунун ата-энеси экспертизанын жыйынтыгына макул эмес

Өзгөн шаары

16-октябрь күнү Өзгөн районундагы мектеп окуучуларынын калайман мушташынан кийин каза болгон баланын ата-энеси экспертизанын жыйынтыгына макул болбой, кайрадан дайындоону талап кылууда. Бул тууралуу «Клоопко» 7-декабрда Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, экспертиза өспүрүм жардан кулап кетип, алган жаракатынан улам каза болгон деп аныктаган.

Бирок, баланын ата-энеси «аны атайылап түртүп жиберишкен» деп эсептейт. Алар укук коргоо органдарынан күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жазалоону талап кылышууда.

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрына караган түнү Өзгөндүн Киров жана Шагым айылдарынын мектеп окуучулары мушташкан. Мушташ болгон жерден качып баратып, өспүрүмдөрдүн бири жардан кулап кеткен.

Жабыркаган баланы атасы 16-октябрда саат 10:00 чамасында бийик жардын түбүнөн таап, ооруканага алып барган. Өспүрүм өзүнө келбей, 17-октябрда ооруканада көз жумган.

Облустук милиция бул боюнча «Адамдардын тобу тарабынан жасалган бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун кошумчалашты. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Тема боюнча:

Өзгөндө мушташтан качып бараткан 14 жашар өспүрүм жардан кулап каза тапты