ИИМ тараткан Айдайды өлтүрүүгө шектелип жаткандардын үчөөсүнүн сүрөтү.

Окуучу кызды зордуктоо жана өлтүрүүгө шектелип кармалгандардын жакындары шектүүлөр ТИЗОнун эки бөлөк камерасында бир эле убакта асынып өз жандарын кыйганына ишенишпейт. Алар «Клоопко» каза болгондордун денесинде тактар бар экенин билдиришти. Мындан тышкары, алар болгон окуяга иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алууну убада кылган президент Садыр Жапаровду дагы күнөөлөп жатышат.

Кадамжай районунда 14 жаштагы Айдай Кочкорованы өлтүрүүгө шектелген төрт адамдын экөөсүнүн сөөгү 4-декабрга караган түнү Оштун ТИЗОсунда табылган. Жаза аткаруу кызматынан (ЖАК) шектүлөрдүн өлүмүнө суицид себеп экенин айтышкан.

«Режимдик объекттеги камерада Ш.М. жана У. уулу С. асынып алышкан [...] Алдын ала маалыматтар боюнча, айыпталуучулардын сөөктөрүндө эч кандай жаракаттар жок», — деп билдиришкен журналисттерге Башкы прокуратурадан.

Алардын бири каза болгонго чейин апасына жиберген катта Оштон башка адвокат жалдоону, азыркысы ага каршы иштеп жатканы жазылган; ал күнөөсү жоктугун жазып, жакындары ага ыраазы болушун суранган.

Аны менен катар соттук медициналык эксперт Улугбек Абдулазимов сөөктөрдүн биринен «бөтөн» (эски), сөөккө мүнөздүү эмес тактарды тапкан. Каза тапкандарга тышкы таасир болгон болушу мүмкүндүгү жана алардын денелериндеги ур-токмоктун издери тууралуу «Клоопко» алардын жакындары да билдиришти.

Киши колдуу болгон кыз тууралуу эмнелер белгилүү?

Кадамжай районуна караштуу Таш-Дөбө айылынын 14 жаштагы тургуну Айдай Кочкорова үй-бүлөнүн жалгыз кызы болгон. Кызды 10 айлык кезинде ата-энеси таенесинин колуна калтырып, Орусияга иштегени кетишкен, акыркы жылдары ошол жакта жашап, кызына анда-мында келип кетип турушкан.

Айдай Кочкорованын апасы «Клооптун» журналисттерине кызы менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп жатат. Сүрөт: «Клооп»

Кыздын сөөгүн сентябрдын башында Ноогардан айылынын алдынан өткөн сел өтүүчү тюнелден чабан байкап калган — тоннель Айдай жашаган айылдан бир нече киллометр ары жайгашкан. Милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин айтышкан. Башкы прокуратуранын маалыматы ылайык, кыз киши колдуу болор алдында зордукталган.

Кызды өлтүрүүгө шектелгендердин үчөөсү — 24 жаштагы Султанбек, 25 жаштагы Машрап жана 27 жаштагы Денис — кылмыштин эртеси күнү эле кармалган. Милиция Денистин унаасында далилдер — «шектүүлөр кызды өлтүрүүдө колдонгон буюмдар» — табылганын айтып, унааны далил буюм катары алып коюшкан.

Айдай таенеси менен жашаган Таш-Дөбө айылы, 2022-жылдын сентябры. Сүрөт: «Клооп»

Кызды өлтүрүүгө шектелгендердин үчөөсү — 24 жаштагы Султанбек, 25 жаштагы Машрап жана 27 жаштагы Денис — кылмыштин эртеси күнү эле кармалган. Милиция Денистин унаасында далилдер — «шектүүлөр кызды өлтүрүүдө колдонгон буюмдар» — табылганын айтып, унааны далил буюм катары алып коюшкан.

Сурактан бир нече күн өткөндөн кийин дагы бирөөсү кармалган — жашы жете элек мектеп окуучусу Элдияр.

Кармалгандар — Айдай жашаган Таш-Дөбө айылынан алыс эмес жана кыздын сөөзү табылган тоннелге жакын жайгашкан Абдусамат жана Ноогардан айылдарынын тургундары. Алардын айылдаштарынын айтымында, шектүүлөрдүн бири машина оңдоп, экинчиси — ашпозчу, дагы бири — чачтарач болуп иштейт. Алардын экөөсү — классташтар, ал эми Элдияр — кармалгандардын биринин жээни. Алардын эң эле улуусу — Денис — үй-бүлөлүү, төрт айлык баласы бар.

Тергөөчүлөр кыздын өлүм жайгдайларын ачыктабай жатышкан эле.

Кызы киши колдуу болгонун угуп Орусиядан кайтып келген Айдайдын ата-энеси кызын өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартууну же «адамдардын колуна» өткөрүп берүүнү талап кылышкан (Кыргызстанда өлүм жазасы 2007-жылы жокко чыгарылган). Ал арада Жогорку Кеңештин айрым депутаттары педофилия үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунушташкан. Эл өкүлдөрүнүн бир бөлүгү жана эксперттер бул сунушту сынга алышкан — алар жазаны мындай жол менен күчөтүү тескери жыйынтык берерин көрсөткөн эл аралык кылмыш-жаза практикасына таянышууда.

Ал эми президент Садыр Жапаров «кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаганын» белгилеп, мектеп окуучусунун өлүмүнө байланыштуу ишти жеке көзөмөлүнө алган. Башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы иш жеке көзөмөлүндө экенин билдирген.

Айдайдын сөөгү табылган Ноогардан айылындагы сел өтүүчү канал. Сүрөт: «Клооп»

Арадан үч ай өткөн соң шектүүлөрдүн экөө, Машрап менен Султанбек асынган абалда табылган. Аларды ар бири, Жазаларды аткаруу кызматы билдиргендей, эки бөлөк камерада отурушкан. Бул окуя бир түндүн ичинде, каза болгондордун жакындарынын айтымында, шектүүлөр Кадамжайдан Оштогу ТИЗОго которулуп келген күндүн эртеси болгон.

Жарааттар, бир убакта өз жанын кыюу жана башка күмөндүү жагдайлар

«Биз күнөөлүү деп эч кимди, бир нерсе дей албайбыз азыр. [...] Желкесинде тактар бар экен. [Сүрөткө] тартып алганбыз, бирок азыр бирөөгө жөнөткөндөн дагы коркуп калдык», — деди «Клооптун» кабарчысына асынган абалда табылган Ш.Мнын бир тууганы Таштемир Шадыбеков.

«Бар, бар, бар», — деп тастыктады инисинин денесинде ур-токмоктун издери калганын шектүүнүн улуу агасы Муктарбек. Ички иштер министрлиги аны У. уулу С деп белгилеп жүрөт. «Алар боюнча бүт тартып, видео кылып алдым, — дейт Муктарбек. — Булар [алардын өлүмүнө күнөөлүүлөр] мыйзам алдында жооп берет. Кантип өлтүрүштү, кандай жаракаттары бар, бүт видеого тарттырганмын балдарга».

Каза тапкандардын туугандары Оштун ТИЗОсунда эки бөлөк камерада отурган шектүүлөр бир эле убакта өз жанын кыйганында мандем бар шектенип жатышат.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери 2021-жылы Оштогу ТИЗО-5ке барып тартып келген сүрөт. Анда алар мекеменин камераларында орундар калбай калганын айтышкан.

«3-декабрда Оштогу түрмөгө кеткен экен, — дейт Таштемир Шадыбеков. — 4-декабрга караган түнү болуп атат да бул иш. Анан бизге 4-декабрь күнү саат 10:00дө кабар келди. Түнкү саат 02:00дө болгон окуяны дароо айтыш керек эле да, эртеси күнү 10:00дө айтып жатышат. Анан бардык, барсак балдар моргдо экен».

«Барсак балдарды жарып [союп — ред.] бүтүшүптүр, — деп тактады Шадыбеков. — Киндигинен баштап кекиртектерине чейин кесишиптир, башын дагы».

Мунун баары Шадыбековдо суроолорду жаратууда.

«Биринчиден, бизден сурабай жарганга акысы барбы алардын? Экинчиден, эмне үчүн бизге кеч айтышат? Түнү өлсө, күндүз саат 10до айтып жатышат. [...] Анан калса экөө эки башка камерада болсо, өлүм убактсын бирдей айтып жатышат — [бул таң калычтуу]».

Шектүүлөр өз жанын кыйган деген расмий версияга алардын жакындары ишенишпейт.

Муктарбек иниси У. уулу С. өз жанын кыйбайт болчу, ага эч кандай себеп жок эле деп эсептейт. Анын айтымында, акыркы сот отурумунда күнөөнүн баарын башка шектүү мойнуна алган.

Андан тышкары, Айдай Кочкорова өлтүрүлгөн делип жактан убакта У. уулу С.ны талаада иштеп жүргөнүн көргөн киши бул жүйөөнү суракта тастыктап берген дейт Муктарбек.

«Балдар өздөрүн муунтмак эмес, — дейт ал. — Өлгөнү өлүп бүттү эми, жалгыз Аллах менен балдар билет, кантип өлгөндөрүн».

Таштемир Шадыбеков Ошко которулганга чейин туугандары иниси Ш.М. менен Кадамжайда эки жолу жолугушканын, бирок алар инисинен өз жанын кыюуга даярдык көрүп жаткандай белгилерди байкашпаганын айтат.

«Өзүн-өзү өлтүрө турган болушса, Кадамжайда үч ай ичинде өздөрүн өлтүрүп алышы керек эле да бул балдар, — дейт Шадыбеков. — Анан: эки баланын өлүмү бирдей убакытта болуп жатат, эки бөлөк камерада отуруп. Эки бөлөк [камерада отурушкан] дешти бизге. Анан бирөөнүн өлүмү саат 11ден кийин болуптур, кандай болот ошондо, түшүнүп болбой турган нерсени айтып жатышат. 10 мүнөт айырма менен өлүшүптүр, ошентип айтышты».

Ал шектүүлөргө изолятордо басым көрсөтүлгөн деп эсептейт. «Өзүн-өзү өлтүргүсү келсе Кадамжайда эле өлүп алат эле. Алар [Оштун ТИЗОсуна] которулганына 2 күн да боло элек болчу», — дейт Таштемир.

Шектүүлөрдүн жакындары сентябрда эмне дешти эле?

Сентябрда, окуучу кызды зордуктоо жана өлтүрүүгө шектелгендердин үчөөсү кармалгандан кийин эле «Клооптун» кабарчылары Кажамжай районуна барып, айыпталып жаткандардын туугандары жана достору менен сүйлөшүп келишкен. Күтүлгөндөй эле журналисттердин маектештери жакындарынын күнөө жоктугун айтышкан — бирок ошол эле учурда биринин айткандары бириникине дал келбеген учурлар болгон.

Жашы жете элек шектүү Элдиярдын апасы уулуна басым кылынганын айтып туруп алган. «Биринчи келген күнү көрсөтүшпөдү [баламды]. Эртеси күнү көрсөттү эле, "эмне кылды, сага эмне болду" десем, "мени мажбурлады" деп кучактап ыйлап жиберди. “Эмнеге мажбурлайт, баарын туура айт, коркпой айта бер" десем унчукпай койду балам. Балам коркуп, болбой калыптыр», — деп айтып шектүүнүн энеси.

Денистин досу — Үсөн — досун кылмыш анын унаасында болгон деген божомолдун негизинде эле кармап кетишкен деп айткан. Башка шектүүлөр болсо досунун унаасын сурап айдап кетишкенин айтып ишендирген ал.

Биринчи болуп кармалган үч шектүү жашаган Абдусамат айылы. Сүрөт: «Клооп»

Ал эми Денистин жубайы Гүлзина күйөөсү ошол күнү эртең менен досунукунда үй ремонттоп иштеп жүргөнүн айткан. «Саат 13:00дө Машрап деген бир бала, бою кичине кара бала экөө машине алып келип таштаган. Машина эртең менен чыгып кеткенде кир абалда болгон, кийин алар машинаны таза кылып алып келген», — деген ал.

Машрап — ТИЗОнун камерасында сөөгү табылган шектүүлөрдүн бири. Анын энеси «Клооптун» журналисттерине курган маегинде уулу унаа айдаганды билбейт деген болчу.

ТИЗОдо каза болгондордун дагы бири — Султанбек. «Милициянын айтымында, окуя саат 08:00дөн 09:00гө чейинки убакыт аралыгында болгон. Иним болсо саат 8ден 12ге чейин апам менен талаада эгин жыйнап жүргөн», — деген «Клоопко» агасы Муктарбек.

Анткен менен Муктарбектин айтымында, милиция бөлүмүндө иниси менен жоулугушканда Султанбектен көзүнө тике карап, чындыкты айтуусун талап кылган. «Көзүмө карап, “аке, мен кылган жокмун” деди. “Аягына чейин туруп бересиңби?” десем, “туруп берем” деди, — деп айтып берген инисинин сөздөрүн Муктарбек. — Анан адвокат келди. “Уят кылба” десем, “жок аке, уят болбойсуз”, деди мага».

«Эмне үчүн Жапаров бул иштин баарына көз салбады?»

Каза тапкан эки шектүүнүн туугандары бул окуяда президент Садыр Жапаровдун түздөн-түз күнөөсү бар деп эсептешет.

«Биз президент Садыр Жапаровго кайрылабыз, — дейт “Клооптун” журналистине Таштемир Шадыбеков. — Президентибиздин көзөмөлүндө болгондон кийин соту болгонго чейин өлүп калуу мүмкүн эмес эле. Президентибиздин көзөмөлүндө болду, ошол эми жардам берип, ким, кандай болду, кандай өлтүрүлгөн, Ошто өлтүрүлгөнбү — ошону билип беришин суранабыз да».

Муктарбек инисинин өлүмүнө «биринчи кезекте президент Садыр Жапаров» күнөөлүү деп эсептейт.

«Президент көзөмөлдөйм деп эмнеге көзөмөлдөбөдү? Көзөмөлдөйм дегенден кийин жооптуу болушу керек да. [...] Эмне үчүн сотко 2-3 күн калганда балдарды өлтүрүп коюшат? (Айдайдын киши колдуу болушу боюнча кылмыш иши сотко 1-декабрда өткөрүлгөн — «Клооп») Караш керек эле, президент ошону айттыбы? Мен президентке ишенет элем. Башында дагы шайлоодо кол коюп бергем, президент болот экен, Кыргызстан өнүгөт экен деп. Мен ишенгем. Камчыбек Ташиевге дагы ишенгем», — деп кейиди маркумдун агасы.