14 жашар кыздын өлтүрүлүшү: Президент ишти өз көзөмөлүнө алганын билдирди

6-сентябрда президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жашар кыздын өлүмү боюнча иш жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

Өлкө башчысы Ички иштер министрлиги баштаган күч органдары менен тиешелүү мекемелерге зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

«Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкерчилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. [...] Кадамжайда жасалган мыкаачылык — кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш», — деди ал.

Жапаров нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык бекеринен кабыл алынбаганын белгилеп, бул «сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүктү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет» деп билдирди.

14 жашар кыздын киши колдуу болушу

4-сентябрда Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип үч киши кармалган. Алар убактылуу кармочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.

Балага карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. ИИМдин маалыматына ылайык, аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Ошол эле учурда балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Көп учурда иштер сотко жетпейт, себеп дегенде балдарга карата зомбулук учурлары көбүнесе туугандар тарабынан болот.

Тема боюнча:

«Катуу көзөмөлгө алынсын». Садыр Жапаров аялдарга жана балдарга зомбулук боюнча үн катты

Кадамжайда 14-жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды