Кадамжай районунда 14 жашар кызды өлтүрүүгө шектелген эки киши Оштогу абакта каза болду

Баткен облусунун Кадамжай районундагы 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген эки киши 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында каза болду. Бул маалыматты «Клоопко» Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тастыктады.

Анын айтымында, шектүүлөр асынган абалда табылды. Бул боюнча иликтөө иштери башталды. Сабатарова калган эки шектүү учурда абакта экенин кошумчалады.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кытчысы Сирожиддин Камолидинов «алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон шектүүлөрдүн денесинде эч кандай жаракаттар жок» экенин билдирди.

Буга чейин секелекти өлтүрүүгө шектелген төрт кишинин бөгөт чарасы эки айга узартылып, 4-январга чейин камакта калтырылган. Баткен облустук сотунан иштин материалдары сотко келип түшөрү менен отурумдун мөөнөтү белгиленерин айтышкан.

Кадамжайда 14 жашар кыздын киши колдуу болушу

4-сентябрда Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин аныкташкан. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кармалгандар кызды зордуктоого да айыпталып жатканын айткан.

«Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган. Кийинчерээк бул ишке катыштыгы бар делип төртүнчү шектүү — жашы жете элек өспүрүм кармалган. Алардын бардыгы Кадамжай райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

14 жашар секелектин окуясына байланыштуу ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан. Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев укук коргоо органынын кызматкерлери бул ишти адилет тергеп берет деп убада кылган.

Тема боюнча:

Башкы прокуратура: 14 жашар кызды өлтүрүүгө шектелгендер өмүр бою эркинен ажырашы мүмкүн

Депутат Кадырбеков: Кадамжайлык кыздын өлүмүнө кайдыгер коом күнөөлүү