Төртүнчү шектүү. 14 жаштагы кыздын өлтүрүлүшүнө катыштыгы бар делип бир өспүрүм кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлтүрүлүшүнө катыштыгы бар деген шек менен жашы жете элек өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушуну менен кыздын киши колдуу болушуна катыштыгы бар делип төртүнчү шектүү кармалды. Райондук соттун чечими менен өспүрүм эки айга камакка алынды.

«Суракка Кадамжай районунун жашы жете элек тургуну чакырылган. Ал мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда тергөөгө алынган. Жыйынтыгында суракка алынган бала өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды», — деп белгилешти милициядан.

14 жаштагы кыздын киши колдуу болушу

Өспүрүм кыздын зордукталып өлтүрүлүшү 5-сентябрда белгилүү болгон. 14-жашар кыздын сөөгү Кадамжайдагы Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден табылган.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтуудан калган издер бар экенин аныкташкан.

Милиция аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган.

Мындан тышкары, кармалгандар кызды зордуктоого да айыпталып жатканы белгилүү. 14 жашар секелектин окуясы коомчулукта кызуу талкууга алынып, Жогорку Кенештин айрым депутаттары жаш балдарды зордуктагандарга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган.

Окуя боюнча президент Садыр Жапаров дагы реакция кылып, бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын айткан. Башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы иш жеке көзөмөлүнө алынганын билдирип, укук коргоо орган кызматкерлери бул ишти адилет тергеп берет деп убада кылган.

Тема боюнча:

ИИМ: Кадамжайдагы өспүрүмдүн киши колдуу болуусуна милиция кызматкерлеринин тиешеси жок

Депутат Кадырбеков: Кадамжайлык кыздын өлүмүнө кайдыгер коом күнөөлүү