Мыйзамсыз баюуга айыпталган Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиев кызматтан кетти

Камил Осмоналиев. Коллаж: «Акипресс»

Мыйзамсыз баюуга айыпталган Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиев өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кетти. Анын арызын депутаттар Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы жыйынында канааттандырды.

Осмоналиев 2020-жылдын декабрь айында мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, тергөө учурунда судьяга таандык делген мүлктөр аныкталган. Алардын баасы судьянын расмий кирешесинен 114 млн сомго ашып түшкөн.

Алгач ал УКМКнын ТИЗОсуна камакка алынып, кийинчерээк Биринчи май райондук сотунун чечими менен эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган.

Тергөө учурунда Осмоналиев күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке 70 миллион сом кайтарып бергени айтылган.

Осмоналиевдин мүлктөрү

УКМК судья өзүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашырып, киреше булактары жок болсо да көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганын аныктаган.

Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс-класстагы автоунаалар бар.

Ал «мүлктөрүнүн изин жашыруу максатында керектүү сатык келишимдерин башка, киреше булактары жок болгон жарандарга каттатып келгени» белгилүү болгон. Анын коммерциялык уюмдардын бирине биргелешип ишкердик жүргүзүү үчүн декларациясына кирбеген 150 миң доллар бергени аныкталган.

Ошондой эле, судья Максим Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу боюнча Убактылуу өкмөттүн декретин жокко чыгарып, «мамлекеттик казынага көп миллиондогон чыгым келтирген» деген айып тагылган.

14-декабрда Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясы Башкы прокуратуранын судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүн канааттандырган.

Кийин Temirov Live каналы Осмоналиевдин мүлктөрү тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда УКМК судьянын баасы 950 миң доллар турган хансарайын камактан чыгарганы айтылган.

Камил Осмоналиев — 20 жылдык тажрыйбасы бар судья. Ал көп жылдар бою арбитраждык, облустук сотто иштеген. 2012-жылдан тарта Жогорку Соттун судьясы болуп эмгектенген.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК судья Осмоналиевдин баасы $950 миң хансарайын камактан чыгарды — Temirov Live

Жогорку соттун судьясы 70 млн сом төлөп үй камагына чыкты — УКМК