ИИМ: Москва шаарында мекендештеринен акча опузалаган кыргызстандыктар кармалды

9-декабрда Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык мекендештерин коркутуп, акча опузалаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандар Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында жеке ишкерлик менен алектенген кыргыз жарандардын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылышкан.

Орусиянын ички иштер министрлиги тарабынан кылмышка шектүү катары «Мырза» каймана аты менен белгилүү Ош облусунун 36 жаштагы тургуну жана «Роха» каймана аты менен белгилүү Чүй облусунун 24 жаштагы тургуну кармалды.

Министрликтин маалыматына караганда, «Роха» каймана аты менен белгилүү кишиге Москва шаардык тергөө башкармалыгы тарабынан Орусиянын кылмыш-жаза кодексине ылайык, зомбулук көрсөтүү жана акча опузалоо боюнча кылмыш иши козголду.

«Учурда кармалгандардын мурда жасалган оор кылмыштарга катыштыгы бар экенин тактоо, ошондой эле кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен Кыргызстандын жарандарын +7 926 890-87-00 номуруна кабарлап коюуну өтүнөт. Купуялуулукка кепилдик берилет.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын апрель айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эки кыргыз жараны мекендештеринин телефондорун жана акчаларын тоногон деген шек менен кармалган.

Учурда Орусияда 985 кыргызстандык кылмыш жоокерчилигине тартылып, жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 30% маңзат ташууга байланыштуу.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын биринчи жарымында Орусияга 438,2 миң кыргызстандык кирген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 53,3 миңге көп экени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Алты ай мурда зордуктоо беренеси менен 10 жылга кесилген киши бейбаштыкка шектелип кармалды