Ош: Эки жыл мурда зордуктоо беренеси менен 10 жылга кесилген киши бейбаштыкка шектелип кармалды

7-декабрда Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» каймана аты менен белгилүү болгон Умар Маратов (мурдагы аты Эрнис Казаков) «бейбаштыкка» шектелип кармалды. Ал эки жыл мурда жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталып 10 жылга соттолгон болчу.

ИИМдин маалыматына ылайык, эки жигит милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучулар 11-ноябрга караган түнү Оштогу түнкү клубдардын биринде бир нече адам аларды бычак менен коркутуп, сабап, качып кетишкенин айтышкан.

Милиция бул боюнча «Бейбаштык» беренеси менен иш козгоп, шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 41 жаштагы Умар Маратовду жана анын 37 жаштагы шеригин кармаган.

Шектүүлөр Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

«Казак» каймана аты бар Умар Маратов

ИИМдин маалыматына ылайык, Умар Маратов кылмыштуу топтун мүчөсү. Ал 2019-жылдын октябрында «жашы жете элек кызды зордуктоого» шектелип кармалып, 2020-жылдын 26-майында шаардык соттун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Ошол эле жылы 8-январда «Казакты» Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова үй камагына чыгарып жиберген. Көп өтпөй Соттор кеңешинин комиссиясы Сулайманованы жумуштан четтетүүнү туура көргөн. Сунушту экс-президент Сооронбай Жээнбеков колдоп, тиешелүү буйруккка кол койгон.

Ал эми Оштун криминалдык милиция кызматкерлери соттор «Казак» сыяктуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн «оор кылмыш жасаганына карабай эркиндикке чыгарып жибергенине» нааразы болушкан.

Маратов үй камагында жүргөндө дагы Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Райымбековду сабоого катыштыгы бар делип кармалган. Кийинчерээк Райымкулов тосмо арыз жазганы белгилүү болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, Маратов ага чейин да бир нече жолу уурулук жана карактоо боюнча соттолгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Казак» 10 жылга кесилди. Ал зордуктоо иши боюнча күнөөлүү деп табылды

Ошто мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин иниси сабалды