АКШнын Каржы министрлиги Казакстандагы банктарга «Мир» карталарын тейлөөгө уруксат берди

АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы Казакстанга көчүп кеткен орусиялыктардын «Мир» банктык карталарды колдонуусуна «эч кандай каршылыгы жок» экенин билдирди. Бул тууралуу Казакстандын каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги билдирди.

Ошол эле учурда казак аткаминерлери кеп эмигранттардын тиричилик муктаждыгына байланыштуу картаны жеке жактардын колдоно алышы тууралуу гана болуп жатканын баса белгилешти.

АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын эл аралык санкцияларды буйтап өтүү аракетинен улам «Мир» системасы дагы эле алардын өзгөчө көзөмөлүндө экенин эскертти.

«Казакстандагы банктар “Мир” карталарын колдонуу менен төлөмдөрдү, которууларды кабыл алууга, ошондой эле, жеке жактар ​​үчүн банкомат аркылуу накталай акчаларды берүүгө укуктуу. Ошол эле учурда “Мир” системасына кошулуу чечимин казак банктары өздөрүнүн өнүгүү стратегияларынын жана тобокелдиктерди баалоонун ички системаларынын негизинде өз алдынча кабыл алышат», — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Буга чейин болжолдуу 10 кыргыз коммерциялык банкы кезектеги санкцияларга кабылып калбаш үчүн Орусиянын «Мир» карталарын тейлөөдөн баш тарткан.

Сентябрдын орто ченинде АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын «Мир» карталарынын оператору эсептелген Улуттук төлөм карталар системасы менен иштешүү үчүн кезектеги санкциялар каралганын эскерткен.

Мекемеден Улуттук төлөм карталар системасы менен келишим түзгөн финансылык уюмдар «Орусиянын АКШ тарабынан салынган санкцияларын буйтап өтүү аракетинде колдоо көрсөтүп жатат» деп эсептелинип калышы мүмкүн деп белгилеген. Ошол эле кезде түшүндүрмөдө Орусиянын Улуттук төлөм карталар системасы өзү санкцияга алынбаганы айтылган.

Анткен менен түшүндүрмө жарыяланган күнү аталган системанын башкы директору Владимир Комлев АКШнын Финансы министрлигинин санкциясына алынган. Орусияга карата санкциялар Украинага ири алкакта кол салганына жооп иретинде киргизилген. Андан кийин эле дүйнө жүзүндө көптөгөн өлкөлөр «Мир» карталарын тейлөөдөн баш тарта башташкан.

Тема боюнча:

Улуттук банк: «Мир» карталарын тейлөөдөн баш тартуу директоруна карата санкцияларга байланыштуу