Жаңы сатылып алынган тик учак ӨКМге берилди. Аны жеке жана юридикалык жактар да колдоно алат

Кыргызстанга экинчи Airbus H145 тик учагын сатылып алынып, аны алгач президент Садыр Жапаров сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 11-декабрда билдирди.

Ал тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилгенин айтты. Бирок президенттин басма сөз катчысы учак кайсы акчага жана канча сомго сатылып алынганын ачыктаган жок.

«Жапаров адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу жабдууларга жана каражаттарга ээ болуу зарылдыгын көрсөтүп жатканын айтты», — деп билдирди ал.

Султанбаев тик учакты жеке жана юридикалык жактар да коммерциялык максатта колдоно алышарын белгиледи. Ал учактан ижарасы үчүн алынган акча бюджетке түшөрүн айтты.

Президенттин басма сөз катчысы Кыргызстан менен Орусиянын президенттеринин макулдашуусу менен ӨКМ үчүн жаңы МИ-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак гранттык негизде берилери күтүлүп жатканын кошумчалады.

Ушундай эле тик учак август айында дагы ӨКМге өткөрүлүп берилген, учак менен бирге министрликке 34 атайын техника тапшырылган.

«ПолитКлиниканын» журналисттери экс-депутат Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагы менен Чаткалга тойго барганын аныкташкан. Басылмага Арапбаев ӨКМден Airbus H-125 үлгүсүндөгү тик учакты ижарага алганын билдирген.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, биринчи алынган тик учак «Еврокоптер Казахстан инжиниринг» компаниясынан 280 млн сомго сатылып алынган.

Airbus H145 тик учагы — эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган.

Тема боюнча:

«ПолитКлиника»: Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагын ижарага алып тойго барган