Раззаков: Шаардагы көчөгө чек ара жаңжалында курман болгон чек арачынын ысымы ыйгарылды

Сүрөт: Serep Media

9-декабрда Баткен облусунун Раззаков шаарындагы көчөлөрдүн бирине кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза тапкан Равшан Муминовдун ысымы ыйгарылды.

Маалыматка караганда, иш-чарага Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча аскер бөлүктөрүнүн командирлери, өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана чек арачынын жакындары катышкан.

Иш-чарада маркумдун өмүр баяны, эрдиктери айтылып, балдарынын сагыныч ырлары окулду.

Cүрөт: Жеңиш Айдаров/Azattyk

Равшан Муминов 2019-жылдын 16-сентябрында чыккан куралдуу жаңжалда 41 жашында каза тапкан. Мындан сырткары чыр-чатакта Кыргызстандын 13 жараны жаракат алган.

Чек арачынын артында жубайы, үч баласы жана энеси калды. Муминов курман болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Президент маркум Равшан Муминовдун жубайына «Эрдик» медалын тапшырды

«Равшан жайдары, боорукер жигит эле...»