Бир видео менен: Бишкекти коюу кара түтүн каптады

Инстаграм колдонуучусу Нуралы Капаров Instagram барагына Бишкекти калың ыш каптаган видео жүктөдү. Видео 12-декабрь кечки саат 5те тартылган.

Бишкек — абанын кирдиги боюнча рейтингде кайрадан лидерлик кылып жатат. AirQuality интернет-сервисинин 13-декабрь саат 12:30га карата маалыматы боюнча, Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башына чыкты.

Учурда Бишкектеги булганч абанын деңгээли 241 AQI түзөт — бул көрсөткүч өтө начар деп эсептелет.

*AQI — абанын сапаты боюнча бирдиктүү система, ага абаны кирдетүүчү заттардын концентрациясы жана алардын таралуусу кирген.

Кирдөөнүн деңгээли «өтө начар» болгондо балдарга, астмасы, жүрөк жана өпкө оорулары бар адамдарга терезелери жабык жерде калуу сунушталат. Калгандарга ачык абада убакыт өткөрүү же активдүү физикалык көнүгүүлөрдү жасоодон оолак болуу кеңеш берилет.

Жыл сайын күн сууп баштаганда Бишкекте абанын сапаты начарлап, тургундар ыштан жабыркай башташат.

Кыргызстандын борбору бир нече жылдан бери абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы саптарда келе жатат. Бирок бийлик ыш менен күрөшүү үчүн алгылыктуу чечимдерди кабыл ала элек.

Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр экени тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган.

Ошондой эле, ЮНИСЕФ «Абанын булганышынын Бишкектеги аялдар жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектисине тийгизген таасири» деген аталыштагы изилдөөнү жарылаган. Изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасири 112 кишинин өлүмүнө алып келген. Саламаттык сактоо министрлигинен мындай сандар боюнча күмөнү бар экенин, жана так маалыматтарды сурап ЮНИСЕФке кайрылышканын айтып жооп беришкен.