«Власть» Роскомнадзордун Украинадагы согуш боюнча кабарды өчүрүү талабын аткаруудан баш тартты

Орусиянын байланыш жана массалык коммуникация тармагын көзөмөлдөө кызматы (Роскомнадзор) Казакстандын «Власть» басылмасынан Орусиянын Украинага бастырып киргени тууралуу жаңылыкты өчүрүүнү талап кылды. Аны менен катар, Орусиянын аймагында сайтка бөгөт коюлат деп коркутту. «Власть» редакциясы «орусиялык мекеменин сурамын аткарбай турганын» айтып жооп кайтарды.

Журналисттер Роскомнадзор орус ракеталарынын соккусунан 20дан ашык адамдын өлүмү менен аяктаган Украинанын Винница шаарын аткылоо жана Мариуполь шаарындагы каза болгон жай тургундардын саны тууралуу жаңылыкты өчүрүүнү талап кылган.

Орус тарап эгер басылма жаңылыктарды өчүрүүдөн баш тарта турган болсо, «Власть» басылмасын тыюу салынган маалымат тараткан ресурстардын реестрине киргизебиз деп коркуткан.

«“Власть” — казакстандык басылма, анын ишмердүүлүгүн орус мыйзамдары жана Орусиянын көзөмөл органдары жөнгө сала албайт. Редакциянын Украинадагы согуш тууралуу белгиленген жана башка жаңылыктарды өчүрүү ниети жок. Ошондой эле, аскердик цензурага жооптуу болгон орусиялык мекемелердин пикирине карабай, Украинада болуп жаткан окуяларды көз карандысыз чагылдырууну улантат», — деп жооп беришти журналисттер.

Розкомнадзор орусиялык журналисттерге Украинадагы согушту согуш деп атоого тыюу салып, «атайын аскердик операция» деген терминди пайдаланууну талап кылат. Көзөмөл органы аталган чектөөнү бузган орусиядагы ондогон көз карандысыз басылмаларды бөгөттөгөн, алардын ичинде «Медиазона», «Эхо Москвы», «Дождь», BBC орус кызматы, «Радио Свобода» жана «Медуза» басылмалары бар.

Роскомнадзор орусиялык ЖМКлардан тышкары башка өлкөлөрдөгү басылмаларды да көзөмөлдөгүсү келип жатат. Мисалы, апрель айында көзөмөл органы эскертүүсүз эле «Клоопту» (Орусиянын аймагында) бөгөттөгөн. Андан тышкары Казакстандын NewTimes.kz, Ratel.kz и Exclusive.kz сайттары Украинадагы согуш тууралуу материалдарды өчүрүү талабы менен билдирүү алышкан.