Бишкектин борборунда катуу сабалган кыздын окуясы боюнча иликтөө башталды

4-декабрда Бишкектин борборунда белгисиз адам ресторандын жанында кызды катуу сабап салган окуя боюнча текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-декабрга караган түнү Бишкек шаарындагы Горький жана Новосибирск көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Altyn Palace ресторанынын маңдайында белгисиз адам кызга кол салган.

Интернетке тараган видеодон, соккудан кийин кыздын жерге жыгылып калганын, андан соң белгисиз киши аны буту менен тепкенин көрүүгө болот. Кол салган киши кыздын чачынан кармап тургузуп жатканда бир адам чуркап келип, аны четке тартып кеткен.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБине катталып, текшерүү иштери башталды. Окуя тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк берилээри айтылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто студент кызды сабоого шектелип пенсиядагы чек ара кызматкери кармалды