«Клоопто» вакансия ачылды: Оператор/монтажёр издейбиз

Бизде сонун жаңылык бар!!! «Клоопто» бош жумуш оруну пайда болду — биз оператор/монтажёр издеп жатабыз.

«Клооптун» видеокамандасы. Сүрөт: «Клооп»

Эмне үчүн биздин командага кошулууга аракет кылуу керек?

Сиз «Клоопто» иштөө менен бирге өзүңүздү ар тараптуу өнүктүргөнгө аянтча жана жакшы көргөн ишиңизди жасаганга мүмкүнчүлүк аласыз, бул өз кезегинде басылманын жана жалпы эле Кыргызстандын өнүгүшүнө салым болот.

Биздин командада сиз өзүңүздү төмөнкү тармактардан байкап/сынап көрө аласыз:

  • эксперименталдык жана адаттагыдан тыш тармактарда, мисалы, мультимедиалык долбоорлордо же дата-журналистикада;
  • тилектештерди жана жаңы досторду таба аласыз, себеби «Клооп» жөн гана редакция эмес, ал бүтүндөй бир комьюнити;
  • дүйнөлүк деңгээлде таанылган кесиптештер менен иштешип, кесиптик деңгээлиңизди арттыра аласыз. Биздин башкы редактор Анна Капушенко жана дата журналист Савия Хасанова — дүйнөдөгү абройлуу The Sigma Awards конкурсунун жеңүүчүлөрү. «Клооптун» башка кызматкерлери да көптөгөн сыйлыктардын ээлери, алар да сиз менен өз тажрыйбалары менен бөлүшө алат.
  • чет элдик кесиптештер менен тажрыйба алмаша аласыз. «Клооп» өз кызматкерлерин дайыма өнөктөш уюмдардын тренингдерине жөнөтүп турат.

Албетте, мунун баары сизди ишиңиздеги милдеттерден, пунктуалдуу болуу. суббординацияны сактоо талаптарынан алагды кылбашы керек. Биз бюрократия, дискриминация жана башка ушуга окшогон болбогон адаттарды жактырбаганыбыз менен биз баары бир деле келишимдин талаптарын тыкыр аткарабыз жана аны сизден да талап кылабыз.

Солдон оңго: Савия Хасанова жана Анна Капушенко. Борбордук Азиядагы Mediacamp Award сынагында биринчи орун камсыздалганы үчүн сыйлык. Сүрөт: Бермет Маликова, Кыргызстандагы «Интерньюс»

Талаптар:

  • Профессионалдык техникаларда тартканды жана Adobe Premiere Pro программасында монтаждаганды билүү. Adobe After Effects’ти билүү — артыкчылыктуу болот.
  • Кыргызстандагы күн тартибиндеги окуяларды, айрыкча саясий процесстерди түшүнүү.
  • Кыскача тексттерди жазганды билүү, тандоодо журналисттик тажрыйбанын бар болушу чоң артыкчылык болот.
  • Сөзсүз кыргыз жана орус тилдерин билүү керек. Кошумча тилдерди билүү андан да жакшы болот.
  • Стресске чыдамдуу (бизде атмосфера абдан жакшы, адатта бул сапатты өлкөдөгү окуялар талап кылат) жана креативдүү ой жүгүртө алат. Биздин редакцияда бардыгы темаларды сунуштай алат, биз үчүн бул абдан маанилүү!

Тандоо эки баскыч менен өтөт. Талапкерлер алгач баарлашууга чакырылат, андан соң тесттик тапшырмалар берилет.

Билдирмелер 2023-жылдын 1-январы саат 18:00гө чейин кабыл алынат.