УКМК: Аксыдагы көмүр казган компаниялар мамлекетке 4 миллон сомдон ашык зыян келтирген

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы көмүр кенин иштеткен жеке компаниялар мамлекетке төрт миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 16-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, компаниялар каттодон өтпөй, тиешелүү документи жок, лицензияда көрсөтүлгөн аймактан тышкары жерден көмүр казып келишкен.

«Натыйжада мамлекетке 4 миллион 477 миң 723 сом зыян келтирилген. Компаниялар өз ыктыяры менен мамлекеттин эсебине 2 миллион 205 миң 715 сом кайтарышты. Учурда зыяндын калган бөлүгүн кайтаруу үчүн тиешелүү иштер жүрүп жатат», – дешти атайын кызматтан.

Буга чейин, 8-декабрда УКМК Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган.

Алар кендин №24 бөлүмүнөдөгү кызматкерлерди опузалап, баюу максатында, өзүм билемдик менен көмүр ташып кеткени кабарланган. Ал бөлүмдө көмүрдүн тоннасы тургундар үчүн 4000 сомдон арзан сатылып жатканы айтылган.