УКМК: Кара-Кечеден коркутуу жолу менен көмүр чыгарып кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кеткен кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 8-декабрда маалымдады.

«Кылмышкерлер 1-декабрга караган түнү кендин №24 бөлүмүндөгү кызматкерлерди опузалап, баюу максатында, өзүм билемдик менен мыйзамсыз көмүр ташып кетишкен», — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызматтан Кара-Кечедеги дал ошол №24 бөлүмдө бийлик башчыларынын буйругу менен көмүрдүн тоннасы тургундар үчүн 4000 сомдон арзан сатылып жатканын кошумчалашты.

УКМКдан кармалгандар Жумгалдагы уюшкан кылмыштуу топтун «Саяк» жана «Мики Чор» каймана аты менен белгилүү мүчөлөрү экенин белгилешти. Шектүүлөр Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Өткөн жылы декабрда Кара-Кечеде көмүр ташыган ондогон айдоочу көмүрдүн баасы 3000 сомдон сатылып жатканына нааразы болушкан. Себеби, айдоочулар көмүрдү арзан сатса барып-келген чыгымын актабай калат деп билдиришкен.

Андан көп өтпөй айдоочулар менен кенди кайтарган «Альфа» атайын кызматынын аскерлеринин ортосунда чыр чыгып, ок атылган.

Айрым басылмалар ок атуунун кесепетинен айрым айдоочулар жаракат алганын жазып чыгышкан. Ал эми кендин басма сөз кызматы чырдын чыгышына «үчүнчү күчтөрдүн тиешеси» бар экенин айткан.

Тема боюнча:

Минкабдын чечими: Көмүрдүн баасы мамлекет тарабынан убактылуу жөнгө салынат

Cүлүктү: Жергиликтүү ишкерлер көмүрдү автотранспорт менен сыртка ташууга тыюу салган токтомго нааразы