Абактагы активист Перизат Суранованын абалы өтө оор экени айтылды

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалып, саясий ачкачылык жарыялаган активисттердин бири Перизат Суранованын абалы «өтө оор» болууда. Бул тууралуу 18-декабрда активист Айсулуу Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, ачкачылыктын бешинчи күнүндө Суранованын абалы кескин начарлап, ТИЗО-1деги дарыгерлердин «тиешелүү жардам көрсөтпөй жатканына» нааразы болду.

«Камерада чогуу отургандар анын кан аралаш заара кылып жатканын тастыкташты. Өз алдынча баса албай жатат. ТИЗОнун санитардык бөлүгүнө аны бир нече жолу замбил менен көтөрүп барышкан. ТИЗОнун дарыгерлери тиешелүү медициналык жардам көрсөтпөй жатат. Алар кыйноолорго шериктеш болушууда. Биз медициналык жардам чакырып, Орозайым менен Перизатты ооруканага жаткырууну талап кылабыз», — деп билдирди Айсулуу Кудайбердиева.

Бул маалыматты укук коргоочу Азиза Абдирасулова дагы ырастады.

Ал эми акыйкатчы Атыр Абдрахматова абактын жетекчилиги алгач тез жардам кызматын чакыруудан баш тартканын айтты.

«Кечээ биз администрация менен тез жардам чакырып, алар текшергенде кант диабети абдан төмөндөп, ысытма чыгып, алсыз болуп жаткан. Тез жардам кызматкери көрсөткүчтөргө тынсызданып, бирок тилекке каршы, “госпитализациялоого түздөн-түз себеп жок” деп кетишкен. Бүгүн анын абалы мурдагыдан да оорлошкону маалым болду. Ысытмасы 37,5 болуп жатат. Тилекке каршы, жектекчилик тез жардам чакыруудан баш тартууда», — деп билдирди акыйкатчы.

Кийинчерээк Сурановага тез жардам чакырылганы белгилүү болду.

17-декабрда Перизат Суранова ТИЗО-1ден кат жазып, абалы кескин начарлап кеткенин билдирген. Ал дене табы 37 градустан түшпөй кыйналып жатканын айткан.

«Аба жетишсиз болуп, дем алуу кыйын болууда. Мен өзүмдүн абалымды оор деп баалайм. Кан басымым да жогору болуп жатат, 90/60-130/90. […] Жада калса эсимди жоготсом да ТИЗОнун медициналык жардамынан баш тартам», — деп жазган ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

Абакта ачкачылык жарыялаган активист Перизат Суранова абалы кескин начарлап кеткенин билдирди