Абакта ачкачылык жарыялаган активист Перизат Суранова абалы кескин начарлап кеткенин билдирди

23-октябрда «Массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деген шек менен кармалган активист жана саясатчылардын бири Перизат Суранова ТИЗО-1ден кат жазып, абалы кескин начарлап кеткенин билдирди.

Ал дене табы 37 градустан түшпөй кыйналып жатканын айтты.

«Аба жетишсиз болуп, дем алуу кыйын болууда. Мен өзүмдүн абалымды оор деп баалайм. Кан басымым да жогору болуп жатат, 90/60-130/90. […] Жада калса эсимди жоготсом да ТИЗОнун медициналык жардамынан баш тартам», — деп жазган ал.

Суранова буга чейин да ТИЗО-1ден кат жазган. Анда ал эл аралык уюмдарга жана кыргыз элине кайрылып, өлкөдө «башаламандык өкүм сүрүп жатканын» билдирген.

Ошондой эле, ал кармалган активист жана саясатчыларга карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун белгилеп, абакта мыйзамсыз кармалып турганын «адамдын кадыр-баркын басмырлоо» деп атаган.

Ал эми абактан ачкачылык жарыялаган дагы бир саясатчы Орозайым Нарматованын абалы ашказан жарасынан улам «кескин начарлап» кеткени кабарланды.

Укук коргоочулар двокат Чынара Жакупбековага таянып, Нарматова алсырап, оозуна тынымсыз ачуу келип кусуп, эсин жоготуп, араң кыймылдап жатканын жазышты.

Биринчи май райондук соту 13-декабрда Орозайым Нарматова, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова жана Рита Карасартованын абактагы мөөнөтүн 20-февралга чейин узарткан.

Ошол эле күнү кармалгандар ачкачылык жарыялаган. Аларга 20-февралга чейин камакта калтырылган экс-депутат Бектур Асанов, УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев жана активист Улукбек Маматаев да кошулган.

Кийинчерээк укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кемпир-Абад ишинин 17 фигуранты ачкачылык жарыялаганын айткан. Ал төрт адам ден соолугуна байланыштуу нааразылык акциясына катышуудан карманганын белгилеген.

Абдирасулова ачкачылыктын кесепеттери үчүн жоопкерчилик жеке президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, андан сырткары тергөөчүлөргө, прокурорлорго жана судьяларга жүктөлгөнүн кошумчалаган.

ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектеп дээрлик 30га жакын активист жана саясатчыларды кармаган. Сот аларды эки айга камакка алган. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.