Актан Арым Кубаттын «Эсимде» фильми «Евразия» кинофестивалынын баш байгесин жеңди

18-декабрда режиссёр Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы Алма-Ата шаарында өткөн XVI Эл аралык «Евразия» кинофестивалында «Мыкты тасма» байгесин жеңди. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кинофестивалда Франция, Чехия, Түркия, Украина, Грузия, Орусия, Азербайжан, Эстония, Иран, Кытай, Казакстан жана Өзбекстандан катышкан режиссёрлордун тасмалары көрсөтүлгөн.

Быйыл калыстар тобунун курамында кыргызстандык кинорежиссёр, сценарист жана продюсер, 20дан ашык эл аралык кинофестивалдын катышуучусу Эрнест Абдыжапаров да бар экени айтылды.

«Евразия» эл аралык кинофестивалы — Эл аралык кинопродюсерлор ассоциациясынын федерациясы (FIAPF) тарабынан аккредитацияланган Борбор Азиядагы эң ири кинофорум болуп саналат.

Абройлуу International Film Guide эл аралык британ басылмасы «Евразияны» 35 алдыңкы дүйнөлүк кинофестивалдардын тизмесине киргизген.

Кинофестивалда Ким Ки Дуктун «Кудайдын чакырыгы» тасмасы дагы көрсөтүлгөнү маалым болду. Ал Эстония, Латвия жана Кыргызстандын кызматташтагында тартылып, башкы ролдордун бирин кыргыз актеру Абылай Маратов аткарган. Тасманын дүйнөлүк бет ачары быйыл 79-Венеция кинофестивалында болгон.

Режиссёр Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Азия Оскар» (Asian Pacific Screen Awards) кинофестивалында калыстар тобунун гран-присин жеңген. 2007-жылы түзүлгөн эл аралык сыйлык кинематография дүйнөсүндө «Азия Оскары» деп аталып жүрөт.

Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасынын бет ачары 17-ноябрда өткөн. Тасмада эс-тутумунан ажыраган карыянын бөтөн жерде 23 жыл азап тартып, мекенине кайтып келгендеги окуясы баяндалат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Азия Оскарда» калыстар тобунун баш байгесин жеңди