УКМК: Сирия, Ооганстан жана Иракка жалпы 734 кыргызстандык чыгып кеткен

Бүгүнкү күндө Ош шаарынан жана Ош облусунан Сирия, Ооганстан жана Иракка 734 жаран чыгып кеткен — алардын ичинен 64ү каза таап, дагы 104ү камакта жазасын өтөшкөн. Бул тууралуу УКМКнын Ош жана Ош облусу боюнча башкармалыктын башчысы Токтосун Сабиров Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди.

Сабиров Кара-Суу, Ноокат, Араван жана Өзгөн райондорунун, ошондой эле Ош шаарынын тургундары каттоодо турганын айтты.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдан бери уланып келет.

Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, Сирияга 700дөн ашык кыргызстандык кеткен — алардын бир бөлүгү каза болгон деп эсептелет, бирок аман калган аялдар менен балдар бар экени да белгилүү. Алар Сирия жана Ирактагы качкындар үчүн лагерге жайгаштырылган, бирок алардын так саны белгисиз.

Кыргызстандыктарды Сириядагы согуштук аймакка азгыруу менен жалдап алуунун туу чокусу 2014-2015-жылдарга туура келет. Бул убакытта жалдангандардын болжол менен 70%ы өлкөнүн түштүгүнөн кеткен. Сирияга көчүп кетүү демилгесин эркектер көтөрүшөт, алар «ыйык согушка» өздөрү менен кошо жубайларын жана балдарын да алып кетишет.

Террордук топтордун азгырыгынан улам Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга барып калган аялдар менен жаш балдарды алып келүү өтүнүчү менен кыргызстандыктар бийликке бир нече жылдан бери кайрылып келишет. Ал тургай кыргызстандык активисттер Сирия жана Ирактан өз эсебинен 150 эне-баланы Кыргызстанга кайтарып келүүгө жана аларды реабилитациялоого даяр экенин билдирген.

2020-жылдын август айында Сирияга кеткен кыргызстандыктардын жакындары ошол кедеги президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аялдар менен жаш балдарды өлкөгө алып келүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн. Акциянын катышуучулары учурда Сириядагы «Аль-Хол» качкындар лагеринде жүздөн ашык кыргыз аялдары жүргөнүн жана алардын ар биринин бир нече балдары бар экенин айтып беришкен.

Кыргызстан 2021-жылдын март айында өз жарандарын согуш жүрүп жаткан аймактардан эвакуациялоону убадалаган. Аларды Кыргызстанга алып келүү тууралуу дагы сөз болгон. Бирок коронавирус пандемиясынан улам иш токтоп калган.

2021-жылдын март айында Кыргызстан Сириядагы балдардын бир бөлүгүн алып келген. Жакынкы Чыгыштан кайтарылган 79 бала Чүй облусундагы балдар борборуна жайгаштырылган — алар менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жолуккан.

2 жаштан 18 жашка чейинки репатриация болгон балдар борбордо реабилитациядан өтүшкөн. Ал эми 2021-жылдын 23-сентябрында кыргыз ТИМнин башчысы Руслан Казакбаев Кызыл кресттин президенти Питер Мауэр менен жолугушкан. Жолугушууда Мауэр Кыргызстанга жаш кыргызстандыктарды Сириядан кайтарууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген.

Тема боюнча окуңуз:

УКМК: Бишкекте айт намаз учурунда теракт уюштурууну көздөгөндөр кармалды

УКМК: Сириядагы согушка азгырууга шектелип чет элдик эки киши кармалды