Кемпир-Абад иши: Кармалгандардын жакындары аларды бошотууну талап кылышты

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары. Сүрөт: Найзабек Мукамбетов

20-декабрда Бишкектеги Панфилов паркынын жанында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары чогулуп, бийликтен саясий туткундарды «жок дегенде үй камагына чыгарууну» талап кылышты.

Жалпысынан 30дан ашык адам кармалган жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп, «Саясий туткундарга эркиндик!» деп кыйкырышты. Чогулгандар негизги талабы — Кемпир-Абад окуясы боюнча камалгандарды эркиндикке чыгаруу жана президент Садыр Жапаров менен жеке жолугушуу экенин айтышты.

Кармалгандардын бири, укук коргоочу Клара Сооронкулованын кыздары да апасын үй камагына чыгарууну талап кылышты.

«Бир айдан бери көрө элекпиз, ачкачылык да жарыялаган. Ден соолугуна тынчсызданып жатабыз. Аны күтүп жаткан жашы жете элек уулу бар. Бийликке биздин үнүбүз жетет деп үмүт кылабыз, себеби “адилеттүү сотко” үмүт жок», — деди Сооронкулованын кызы.

Анын айтымында, апасынын абалы канааттандырарлык, бирок ачкалыктан улам өнөкөт оорулары козголуп жатат.

Ошондой эле активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы «бийлик иштин фигуранттарын үй камагына чыгарып, тергөөнү эч кимди кыйнабай эле уланта берсе болмок» деп билдирди.

«Азыр Орозайым [Нарматова] менен Перизаттын [Суранованын] абалы оор болуп жатыптыр. Аларга эртең бир нерсе болсо ким жооп берет? [Кемпир-Абад иши] боюнча [кармалгандарды] үй камагына чыгарып тергөө жүргүзсө деле болот да. Туугандарын, кичинекей балдарын кыйнабай. Эч кимдин качайын деген ою деле жок», — деди активисттин жубайы.

Активист Али Шабдандын жубайы президент Садыр Жапаров кабыл алганга чейин чогулуштар улана берерин белгиледи. Анын айтымында, алар үчүн ар бир саат маанилүү — анткени абактагылар бир нече күндөн бери ачкачылык кармап, «абалдары оор» болууда.

«“Президент бүгүн түндө келди, кабыл албайт” деп койду, балким эми эртең кабыл алат. Ошондуктан азыр ишенип туралы. [...] Эгер эртең түшкө чейин эч кандай жылыш болбосо анда эртең, анын эртеси деле чыга беребиз», — деп кошумчалады ал.

Мурдагы депутат Орозайым Нарматованын жакыны «мекенди коргоп чыккандар камакта отурса, анда ата-энелер балдарынан кантип мекенди сүйүүнү талап кыла алмак эле» деп суроо салды.

«Кыргызстандын Конституциясында ар бир жаран мекенди сүйүп, коргошу керектиги жазылган. Биз дагы эне катары балдарыбызды мекенди сүйгөнгө тарбиялайбыз. [...] Мекен — бул энең. Алар [Кемпир-Абад ишинин фигуранттары] мекенди сүйгөнү үчүн [камакта] отурушат. Биз аларды бошотууну талап кылабыз. [...] Мекенди сүйүү — кылмыш эмес», — деди ал көзүнө жаш алып.

Ал эми укук коргоочу Гүлнара Журабаеванын уулу Канат апасы «негизсиз эле ТИЗОдо отурганын» айтып, аны үй камагына чыгарууну талап кылды. Ошондой эле ал тергөө амалдары «дээрлик жүргүзүлбөй жаткандыктан активисттерди ТИЗОдо кармоонун эч кандай кажети жок» деп белгиледи.

Буга чейин укук коргоочулар Кемпир-Абад ишинин 19 фигуранты ачкачылык жарыялаганын билдирген. Бирок Жазаларды аткаруу кызматы «Клоопко» расмий 11 адам ачкачылык жарыялаганын айткан.

Кийинчерээк саясий ачкачылыкка ТИЗО-1деги Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров да кошулган. Ал эми ачкачылык жарыялоонун бешинчи күнүндө активисттердин бири Перизат Суранованын абалы «өтө оорлоп, өз алдынча баса албай калганы» айтылган.

Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан жана аны коргоо үчүн комитет түзгөн активист жана саясатчылар 23-октябрда кармалган.

ИИМ аларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып таккан. Сот 30га жакын адамды ТИЗО-1ге киргизген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир сүрөт менен: Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары чогулду

Абактагы активист Перизат Суранованын абалы өтө оор экени айтылды