Кемпир-Абад иши боюнча камоолор: Азимбек Бекназаров саясий ачкачылыкка кошулду

Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү иши боюнча кармалган Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров ТИЗО-1де ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу билдирүү 16-декабрда саясатчынын Фейсбуктагы барагында жарыяланды

«Кемпир-Абад маселесин талкуулап, өз оюн ачык билдиришкени үчүн мыйзамсыз камакка алынып. саясий ачкачылык жарыялаган саясий туткундарга тилектеш экенимди билдирип, мен дагы 2022-жылдын 15-декабрынан саат 20:00дөн баштап саясий ачкачылык жарыялаганымды ТИЗОнун жетекчисине расмий билдирдим!» —деп жазды Бекназаров.

Ошондой эле Бекназаров ачкачылык жарыялаган башка дагы саясий туткундарга кайрылды.

«Сиздердей чыныгы мекенчил уул-кыздарыбыз бар үчүн Кыргызстандын эртеңкиси бар! Кайдыгер саткындар көп, чыныгы мекенчилдер аз! [...] Андыктан силердин ден-соолук барынан кымбат. Биринчи ден-соолукту караңыздар», — деп жазды ал.

Азимбек Бекназаров 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан жана аны коргоо үчүн комитет түзгөн активист жана саясатчылар менен бирге кармалган. Кармалгандардын бир бөлүгү камактарга чейин бир күн мурда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү.

ИИМаларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып таккан..

Кийинчерээк сот кармалган 20дан ашык адамды Бишкектин ТИЗО-1не киргизген.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Twitter’деги барагында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын токтомдору бирдей экенин жазган.

«Аттарын гана алмаштырып коюшкан. Айрымдарына кошумча беренелер тагылган», — деп жазган ал.

Бекназаров 28-октябрда абактан кат жазып, бийлик баарын мыйзамсыз камаганын айткан. Бекназаров президент Садыр Жапаровго дагы кайрылган.

«Атайын, мүмкүн заказной жыйынга кеңешели деп, бизди топтоп, анан “оптом” камап салуу планыңар болгондугу эми белгилүү болуп калды! ​Силерге эптеп Кемпир-Абаддын берилишине каршыларды топтоп, анан камап салганыңар чоң жеңиш болду. ​Ал кеңеш жыйында эч ким массалык башаламандыкка даярдык көрөлү деп айткан жок. Сизге жана Жогорку Кеңешке мыйзам чегинде таасир берүү, Кемпир-Абадды сактап калуунун жолдору боюнча ой-пикирлер айтылды. ​Сиздер үчүн “камаганга адам болсо статья табылат” принциби маанилүү болуп жатат», — деп жазган саясатчы.

9-октябрда Биринчи Май райондук соту Бекназаровду 23-февралга чейин камакта калтырган.

Тема боюнча окуңуз:

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Нарматова менен Суранованы ооруканага жаткырууну суранды

Абактагы активист Перизат Суранованын абалы өтө оор экени айтылды

Абдирасулова: Кемпир-Абад ишинин 19 фигуранты ачкачылык жарыялады