Жалал-Абадда өгөй кызын мыкаачылык менен өлтүргөн киши 15 жылга кесилди

Сүрөт: «Справедливость» уюму

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эки жарым жашар наристени мыкаачылык менен сабап өлтүргөн киши 15 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Жогорку сот чыгарды.

Окуя 2019-жылы болгон. Кылмышка шектүү — наристенин өгөй атасы.

Маалыматка караганда ал 2018-жылы 25 жаштагы аялга баш кошуп, анын биринчи никесинен төрөлгөн кызы менен чогуу жашай башташкан. Киши наристеге ошол эле жылдан тарта болуп көрбөгөндөй зомбулук көрсөтүп, ыплас аракеттерди жасаган.

2019-жылдын 15-мартында зордукчу өгөй кызын катуу сабап, мыкаачылык менен өлтүргөн. Соттук-медэкспертизанын жыйынтыгы кыздын бүт денеси жабыркаганын көрсөткөн.

Сузак РИИБдин кызматкерлери тергөө амалдарын баштаганда кылмышкер аялын бардык жоопкерчиликти мойнуна алууга көндүрүп, аны түрмөдөн чыгарып алууну убадалаган. Аялы башында макулдук берип, күнөөнү мойнуна алган. Бирок кийинчерээк айыптоолордон баш тартып, окуянын чоо-жайын айтып берген.

Биринчи отурумда Сузак райондук соту айыпталуучуну 4 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Жалал-Абад облустук соту айыпталуучуну мунапыс менен 10 жылга кескен (ага ылайык жаза мөөнөтү 1/3кө кыскарган).

Ал эми үстүбүздөгү жылда Жогорку сот мунапысты жокко чыгарып, аны толук 15 жылга эркинен ажыратты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузакта 2,5 жашар өгөй кызын сабап өлтүрүүгө айыпталган кишиге мунапыс колдонулду