Мадумаров: Бизнеси бар депутаттар парламенттик жыйындарда сүйлөп, добуш бергенден коркушат

Адахан Мадумаров

Бизнеси бар депутаттар парламенттик жыйындарда сүйлөп, добуш бергенден коркушат. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин 21-декабрдагы жыйынында билдирди.

Мадумаров «Ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирип, ишкерлерди негизсиз текшерүүдөн коргой турчу кандай кепилдиктер бар экенине кызыкты.

«Азыр бир ишкер жакпай калсын, бул мыйзам четте калат дагы текшерүүнү жиберет. Эртеңден баштап текшеребиз дейт. [...] Бизнеси бар депутаттар же алардын жакындары эмнеге калчылдап отурушат, билесиңерби? Текшерүүдөн [коркушат]. Аларга кандай кепилдиктер бар? Текшерүүгө буйрукту ким берет? Түшкө чейин сүйлөсө, түштөн кийин, кечинде барып текшерүү басып жатат. Калппы же?» — деп Мадумаров экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбековага суроо узатты.

Үсөнбекова текшерүү жүргүзүүнүн тартиби мыйзамда көрсөтүлгөнүн айтып, анын аткарылышын Башкы прокуратура көзөмөлдөй турганын белгиледи.

Ал эми Мадумаров «туура эмес сүйлөп койгон депутаттарга текшерүүнү Башкы прокуратура жиберип жатканын» айтты.

«Туура эмес добуш берди, текшерет. Коркутуп, безилдетип, чөгөлөтүп жатпайсыңарбы. Кыргызстанда жакшы мыйзамдар бар, эл аралык стандартка туура келет. Ошол мыйзамдардын аткарылышын жөнүндө сөз болуп жатат», — деди ал.

Эл өкүлү ишкерлерди текшерүү жөнүндөгү мыйзам бузулган учурда көрүлчү чараларды карап чыгуу зарыл деп эсептейт.

Буга чейин, парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттарга карата коркутуулар башталганын айткан.

«Мына эки ай өтө элек, эми УКМКнын кызматкерлери менин туугандарымдын бизнестерине келишип, коркутуп атышыптыр. “Ал кызды тыйынсыз калтырам”, “талаада каласың” деп. [...] Баарыңар табакташ болуп отуруп алып, бизди бир-бирден атып эле салбайсыңарбы?», — деген ал.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сурабалдиеванын жакындарына таандык Бишкектеги Кудайберген базары мамлекетке ири суммадагы салык төлөбөй койгонун айткан.

Сурабалдиева өзүнө карата жалган-жалаа дооматтар айтылганын белгилеп, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду Сурабалдиевдер жана Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн кирешелерине эки тараптуу текшерүү уюштурууга чакырган.

Автору: Насикат Жыргалбекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Сурабалдиева депуттарга коркутуу болуп жатканын айтып, Ташиевдин кирешесин текшерүүнү сунуштады