Күч органдары көңүл ачуу борборлорун, базар жана мечиттерди «терроризмге каршы» акы төлөөгө мажбурлашат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объектилердин» тизмесин бекитип, ага бир учурда 300дөн ашык адам бата турган соода борборлор, базарлар, эс алуу жайлары жана мечиттерди киргизүүнү сунуштады. УКМК тийиштүү токтомду коомдук талкууга чыгарды.

Документке ылайык, парктардын, эс алуу жайларынын, соода, спорттук жана көңүл ачуу борборлорунун, театрлар, концерттик залдар, базарлар, санаторийлер менен пансионаттар, коомдук тамактануучу жайлардын, мечиттер менен чиркөөлөрдүн ээлери «терроризмге каршы» талаптарды аткарууга жана ал үчүн акы төлөөгө милдеттендирилет.

«Терроризмге каршы корголууга тийиш объектилердин» тизмесине киргизиле турган жайлардын тизмесин УКМКнын, ИИМдин кызматкерлеринен, жарандык коргонуу, техникалык көзөмөл органы менен объектинин өзүнүн өкүлүнөн турган комиссия аныктайт.

Мындан тышкары, объектилердин «терроризмге каршы корголууга тийиштиги» үчүн жоопкерчиликти аталган жайлардын жетекчилигине берүү, ал эми талаптардын аткарылышын УКМК көзөмөл кылаары сунушталууда.

Демилгенин максаты объектте «терроризм актысынын кесепеттерин азайтуу» жана «терроризм актыларын жасоого түрткү берген себеп-шарттарды четтетүү» деп билдиришти УКМКдан.

Ошол эле маалда жогоруда көрсөтүлгөн объектилерде «терроризмге каршы коргонуу» мыйзам боюнча коомчулукка жарыяланбашы керек.

Өлкөдө терракт акыркы жолу 2016-жылдын августунда Бишкектеги Кытай элчилигинде болгон. УКМКдан террорист-жанкечти «Митцубиси Делика» унаасы менен Кытай элчилигинин дарбазасын талкалап кирип, «чоң кубаттуулуктагы» жардыруучу затты жардырганын билдирген.

Кийинчерээк УКМКдан жардыруунун буйуртмачылары — уйгур сепаратисттери, «Жабхат ан Нусра» террористтик уюмунун мүчөлөрү экенин айткан. Терактты уюштурган деп шектелген эки киши 10 жана 18 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми 2010-жылы теракт Бишкектеги Спорт сарайынын чыга беришинде 7-апрелде митингге чыккандарды атуу иши боюнча сот отуруму болуп жатканда болгон. УКМКнын маалыматына ылайык, жардыргыч зат канализация түтүгү өтчү люктун алдына коюлган — анын кесепетинен төрт киши жабыркаган.