Минкаб Бишкекке жакын жерге «Бирбулак» тоо лыжа курортун курууну пландоодо

Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш Ысык-Көл облусунда «Тамга» эл аралык спорт комплексин жана Чүй облусунда жаңы «Бирбулак» тоо-туристтик кластерин куруу долбоорлорун жактырды. Бул тууралуу 22-декабрда минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бирбулак» тоо-туристтик кластери Чүй облусунун Оруу-Сай капчыгайында курулат. Аталган долбоордо мейманканаларды жана шалелерди куруу, фуникулёр жана көтөрүп чыгуучуларды орнотуу, эл аралык деңгээлдеги лыжа базасы үчүн бардык зарыл инфраструктураны салуу каралган.

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, кластердин салынышы «жыл бою эс алуу үчүн борбордон 20 км алыстыктагы жаңы сүйүктүү жайдын түзүлүшү — республикага жүз миңдеген чет элдик лыжа сүйүүчүлөрдү тартат». Бийлик бул долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырууга ниеттенип жатат.

«2023-жылы туризмди өнүктүрүү боюнча дагы бир дымактуу долбоорлордун бири катары Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Жети-Өгүз районунда эл аралык олимпиадалык даярдоо борборунун курулушу болушу керек», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, минкабдан Туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду Баткен облусунун Раззаков шаарында санаторий, балдар лагери, коттедждердин курулушу каралган санаториялык-курорттук кластердин эскиздик долбоорун сунуштаганын дагы кабарлашты.

«Ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө басым жасалууда. Бул максатта 25 санаториялык-курорттук объектилер тандап алынды, алар мамлекет менен профсоюздардын биргелешкен күч-аракети аркылуу модернизацияланат. Мындан тышкары, өлкөнүн ар бир аймагында жети жаңы объектти куруу пландаштырылууда», — деп билдиришти минкабдан.

Бирок ошол эле кезде пресс-релизде туристтик объектилерди куруу долбооруна канча каражат бөлүнө турганы көрсөтүлгөн эмес.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын башында ТурСтат маалыматтык системасынын тизмесине ылайык, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында кышкы туризм боюнча алдыңкы үчтүккө кирген. Бийлик кышкы туризмди «өлкө экономикасынын маанилүү багыттарынын бири» деп атап жүрөт.

Быйыл январда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын кышкы туризмин жарнамалап, туристтерди лыжа тээп эс алып кетүүгө чакырган.

2021-жылдын декабрь айынын ортосунда президент өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, министрлер кабинетине Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүү жана «Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» мамлекеттик мекемесин түзүү тапшырмасы берилген.