Сүрөтчү Татьяна Зеленская Бишкектеги ыш менен массалык камоолорго арналган иллюстрациялык эмгегин жаратты. Сүрөтчү артты Фейсбук барагына бөлүштү.
«Бишкек, кыш 2022», — деп атады Зеленская сүрөттү.
Сүрөттө коюу туман басып, ышка чулганган шаардын түнкү көрүнүшүн темир тордун артынан карап турган кыз тартылган. Алыста Кыргызстандын бүдөмүк келечегинин символу сымал өлкөнүн байрагынын билинер билинбес элеси кылактайт.
Бишкектеги ыш
Акыркы айда аткаминерлер менен саясатчылар ыш темасын кайрадан активдүү талкуулап жатышат. Бирок азырынча бул талкуулар Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы кызматтан кетирүү сунушу же абанын кирдешин ченеген датчиктердин тактыгына күмөн саноо менен аяктап жатат. Ал эми президент өз кезегинде «желим жана чүпүрөк жагып жаткан» мончолордун ордуна жаңы мончолорду курууну сунуштаган.
Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр экени тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Ошондой эле, бийлик абанын булганышынын негизги себептери катары сапатсыз көмүр, күйүүчү майларды атаган.
Жакында ЮНИСЕФ «Абанын булганышынын Бишкектеги аялдар жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектисине тийгизген таасири» деген аталыштагы изилдөөнү жарылаган. Изилдөөгө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасири 112 кишинин өлүмүнө алып келген. Саламаттык сактоо министрлигинен мындай сандар боюнча күмөнү бар экенин, жана так маалыматтарды сурап ЮНИСЕФке кайрылышканын айтып жооп беришкен.
Ышка карабастан Бишкек мэриясы борбор калаада жаңы жылдык фейерверк уюштурууну пландап, ал үчүн 900 миң сомго тендер жарыялаган.
Movegreen эко кыймылынын активисттери Бишкектин мэриясын жаңы жылдык салюттан баш тартууга чакырган, алар бул абанын кирдешин курчутат деп белгилешкен.
Массалык кармоолор
Бишкектин эле эмес, өлкөдөгү сөз эркиндигинин келечеги да бүдөмүк көрүнөт. Сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кетти. Буга далил — октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 20дан ашык активист, саясатчылардын кармалышы. Алардын баары массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө айыпталууда.
Депутаттар, жергиликтүү жана эл аралык уюмдар кармалгандардын Конституциялык укуктары бузулганы тууралуу бир нече жолу айтышкан, бирок бийлик саясий туткундарды бошотууга чакырыктар менен сындарды жоопсуз калтырууда.
Кармалгандардын баары күнөөнү моюндашкан эмес жана аларга басым болуп жатканын айтышкан, ошондой эле, кылмыш иши алардын Кемпир-Абад маселеси боюнча позициясынан улам козголгон деп белгилешкен.
Кылмыш ишинин фигуранттарынын көбү ТИЗОдо кармалып турганына нааразычылык иретинде ачкачылык жарыялашкан. Алардын айрымдарынын абалы укук коргоочулар жана дарыгерлердин чочулоосун жараткан, бирок алар ачкачылыкты токтотуудан баш тартышкан.
Ал эми президент Садыр Жапаров кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын билдирген. Президент бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегин айтып ишендирүүдө. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн» деп айткан. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары, канча адам чогултуу керектиги талкууланган чогулушка барышкан.