ИИМ башчысы: Нарындык милиционерлер Көлбаевдин бандиттери менен дос болуп алышкан

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун (УКТ) мүчөлөрүн калкалоого шектелип кармалган милиция кызматкерлерине байланыштуу комментарий берди. Буга чейин УКМК кылмыштуу топтун мүчөлөрү жергиликтүү кафенин ээсинен коркутуу жана зордуктап кетүү коркутуусу менен акча опузалашканын, ал эми милиция кызматкерлери ишти жаап-жашырууга аракет кылышканын аныктаган.


«Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкан. Анткени, жергиликтүү кызматкерлер өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташ болуп алышкан», — деди Ниязбеков.


Министрдин айтымында, милициянын катарында бандиттерден корккон, элди коргой албаган, милициянын баркына доо кетирген жетекчилер жана кызматкерлер иштебеши керек. Ал кызматтык шалаакылыкка, кылмышка аралашууларга жана ички иштер органдарынын жалпы ишмердигине доо кетирүү учурларын болтурбоо үчүн өлкө боюнча ар бир ИИБде тыкыр текшерүү жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Тема боюнча: Кочкор: Кримтөбөл Көлбаевдин кишилери жана ага тиешеси бар милиция кызматкерлери кармалды