Массалык «беспредел» катардагы көрүнүш болуп калды — Жакупова Кемпир-Абад иши тууралуу

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы, экс-депутат Чолпон Жакупова 25-декабрда Фейсбук барагында учурда Кемпир-Абад иши боюнча камактагы активист Рита Карасартованын туулган күнүнө карата пост жазды.

Жакупова Карасартовага жана аны менен кошо камакка алынгандарга карата болуп жаткан «адилетсиздиктин алдында алсыз болуп жатканы үчүн уялып жатканын» айтты. «Адамдар массалык “беспределге” катардагы эле көрүнүштөй көңүл кош мамиле кылып койду. “Беспредел” көнүмүшкө айланып, коркунучтуу деле болбой калды. Бул улут үчүн абдан, абдан эле жаман белги. Моюн сунуп, кул болгонго даяр болуп калдык… Ал эми [Карасартова] — жок [андайга даяр эмес]! Жагдайдын парадоксу мына ушунда болуп жатат: силер, камактагылардын баары, бул жакта калгандарга караганда кыйла эркинсиңер», — деп жазды укук коргоочу.

Рита Карасартова сот залында. Сүрөт: «Азаттык».

Кемпир-Абад иши

Октябрдын аягында укук коргоо органдары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындап, аны коргоо боюнча комитет түзгөн 30 жакын саясатчы менен активисттерди кармаган.

ИИМ анда кармалгандар «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип жатканын билдиришкен. Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Кармалган активисттер менен саясатчыларды сот эки айга камакка алып, декабрда баш коргоо чарасын дагы эки айга узарткан. Буга жооп кылып кармалгандардын ондон ашыгы саясий ачкачылык жарыялашкан. Укук коргоочулар ТИЗОго иштин фигуранттарынан кабар алып чыгып, алардын кээ биринин акыбалы кооптондуруп жатканын билдиришкен. Ачкачылык жарыялагандардын үчөө саламаттыгына байланыштуу ачкачылыгын токтотушту.

Ал эми ЖАК Кемпир-Абад иши боюнча ачкачылык жарыялаган фигуранттардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө жана баарынын абалы «канааттандырарлык» экенин айтып ишендирүүдө.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Ал эми президент Садыр Жапаров камактагылардын туугандарынын аларды бошотуу кайрылуусуна кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын айтып жооп берген.

Өлкө башчысы бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегенин айтып ишендирүүдө. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн» деп билдирген. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары, канча адам чогултуу керектиги талкууланган чогулушка барышкан.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын адвокаттары президенттин билдирүүсүнөн кийин Жапаров күнөөсүздүк презумпциясын бузду деп айтып чыгышкан.