Кемпир-Абад иши: 20 киши камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту 26-27-декабрда Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын карады. Жыйынтыгында соттук колегия алардын бирин да канааттандырган жок.

Алсак, 2023-жылдын 20-февралына төмөндөгү адамдар камакта калды:

  • Марат Баязов;
  • Атай Бейшенбек;
  • Акыл Айтбаев;
  • Чыңгыз Капаров;
  • Мамбетжунус Абылов;
  • Эрлан Бекчоро уулу;
  • Рита Карасартова;
  • Перизат Суранова;
  • Клара Сооронкулова;
  • Гүлнара Журабаева;
  • Жеңиш Молдокматов;
  • Илгиз Шаменов;
  • Али Шабдан;
  • Кубанычбек Кадыров;
  • Кеңешбек Дүйшебаев;
  • Улукбек Маматаев;
  • Асия Сасыкбаева;
  • Таалайбек Мадеминов.

Ал эми оппозициячыл саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Бектур Асанов 26-февралга ТИЗО-1де болот.

Кемпир-Абад ишинин фигуранттарынын бир бөлүгү.

Сот Кемпир-Абада ишинин эки фигурантынын аппеляциялык арызын кароону сот кийинкиге калтырды. Алсак, сот отурумунда залдан экс-депутат Орозайым Нарматова эсин жоготуп, кабинанын темирине башы менен урунуп кулады. Мындан улам Нарматованы кайра ТИЗОго тез жардам менен алып кетишкен. Нарматова боюнча сот отуруму 28-декабрда өтмөй болду.

Активист Айбек Бузурманкулов боюнча сот процесси да жактоочусунун жоктугуна байланыштуу 29-декабрга калды.

Кемпир-Абад иши

Октябрдын аягында укук коргоо органдары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындап, аны коргоо боюнча комитет түзгөн 30 жакын саясатчы менен активисттерди кармаган.

ИИМ анда кармалгандар «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип жатканын билдиришкен. Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Кармалган активисттер менен саясатчыларды сот эки айга камакка алып, декабрда баш коргоо чарасын дагы эки айга узарткан. Буга жооп кылып кармалгандардын ондон ашыгы саясий ачкачылык жарыялашкан. Укук коргоочулар ТИЗОго иштин фигуранттарынан кабар алып чыгып, алардын кээ биринин акыбалы кооптондуруп жатканын билдиришкен. Ачкачылык жарыялагандардын үчөө саламаттыгына байланыштуу ачкачылыгын токтотушту.

Ал эми ЖАК Кемпир-Абад иши боюнча ачкачылык жарыялаган фигуранттардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө жана баарынын абалы «канааттандырарлык» экенин айтып ишендирүүдө.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Ал эми президент Садыр Жапаров камактагылардын туугандарынын аларды бошотуу кайрылуусуна кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын айтып жооп берген.

Өлкө башчысы бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегенин айтып ишендирүүдө. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар «төңкөрүш жасоону пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүшкөн» деп билдирген. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары, канча адам чогултуу керектиги талкууланган чогулушка барышкан.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын адвокаттары президенттин билдирүүсүнөн кийин Жапаров күнөөсүздүк презумпциясын бузду деп айтып чыгышкан.