ИИМ: 12 күндө мас абалында унаа башкарган 647 айдоочу аныкталды

Сүрөт: ИИМдин ЖКККББ

Кыргызстанда 2022-жылдын 20-декабрынан тарта үстүбүздөгү жылдын 1-январына чейин мас абалында унаа башкарган 647 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12 күндүн ичинде жалпы 1201 айдоочу мыйзам бузган. Алардын ичинен 647 айдоочу мас абалында унаа айдаса, 474 айдоочу документи жок жүргөн.

Ал эми мыйзамсыз тонировка жасаткан 74 айдоочу аныкталса, автобейбаштык үчүн 6 айдоочу кармалды.

ИИМден мыйзам бузган айдоочуларга тиешелүү чара көрүлгөнүн билдиришти. Аны менен катар күчөтүлгөн режимдеги иш-чаралар улантылаарын кошумчалашты.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 2022-жылдагы маалыматы боюнча, 8 айда республикада 4284 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 8,9%га төмөн экени белгиленген.

Мындан тышкары жол коопсуздугун камсыздоо максатында 233 автомектепке лицензиялык талаптардын шайкеш эместиги үчүн эскертме берилип, 10 мекеменин иши токтотулган. Андан сырткары 1 млн 605 миң сом өлчөмүндө 81 протокол түзүлгөн.

Автору: Насикат Жыргалбекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуларга жазаны күчөтүү сунушталды