Президенттик администрациянын басма сөз кызматынын жетекчиси «Мегакомго» өтүүгө үндөдү

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарды «Мега» (мурдагы аты «Мегаком») уюлдук байланыш операторуна өтүүгө чакырды. Орунбеков мындай чакырыгын Фейсбук барагында жазды.

Анын пикиринде, эгер баары мамлекеттик операторго өтсө, бюджетке акча көп түшө баштайт, ал эми бул маяна, пенсия, пособияларды көбөйткөнгө өбөлгө болмок.

«Биздин үйдөгүлөр мамлекеттин “Мега” уюлдук байланыш кызматын колдонобуз. Башкаларды дагы мамлекеттикине өтүүгө чакырам. Ага түшкөн пайда, кирешелери мамлекетке калат. Мамлекетке көп каражат түшсө — айлык, пособия, пенсия көлөмү өсөт. Мектептер дагы көп курулат, жолдор салынат», — деди ал.

2021 жылдын аягында айрым басылмалар мамлекеттик кызматкерлер 2022-жылдын 1-январынан тартып «Мегага» өтүүгө милдеттендирилген деп жазышкан. Бирок анда минкаб андай тапшырма болбогонун билдирген.

«Меганы» сатуу боюнча пландар

Өткөн жылдын ноябрында Маммүлк фондусунун башчысы Мирлан Бакиров «Мега» компаниясы мамлекет 2023-жылы сатыкка чыгарууну пландап жаткан 30 ишкананын катарына кирерин билдирген. Бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алуулар сайтында «Меганы» баалай турган компанияга конкурс жарыяланган. Бакировдун эсеби боюнча, учурда компания болжолдуу 14-15 млрд сом турат.

2014-жылы мамлекеттин менчигине өткөн бул уюлдук операторду бийлик бир топ жылдан бери эле сатууга аракет кылып келет, бирок азырынча майнап чыга элек.