Январь окуясы. Казакстандык кримтөбөл Дикий Арман 7-мартка чейин камакта калтырылды

Дикий Арман. Сүрөт: Orda.kz басылмасы

«Дикий Арман» каймана аты менен таанымал казакстандык кримтөбөл Арман Жумагелдиев 7-мартка чейин камакта калтырылды. Ал 2022-жылы январда Алматы шаарындагы массалык башаламандыкты уюштурууга шектелүүдө.

Жумагелдиевдин камак мөөнөтү узартылганын Tengrinews.kz басылмасы Алматы шаардык сотунун расмий өкүлү Абай Жарылкасынга таянып билдирди.

Маалымат боюнча, Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык соту 29-декабрда сотко чейинки тергөө органынын өтүнүчү менен шектүүнү камакта кармоо мөөнөтүн эки айга узартты.

Казакстандын Башкы прокурору Берик Асылов 5-январдагы Мажилистин жыйынында, Арман Жумагелдиевди былтыр казак Улуттук коопсуздук комитетинен бир «куратор» координациялаганын айткан.

«Тергөөнүн версиясы боюнча, Алматыда Жумагелдиевге (Дикий Арманга) өзгөчө роль берилген. [...] Ал тополоң уюштуруу менен элди көзөмөлгө алып, бийликке бирдиктүү ультиматум талаптарын коюу үчүн элдик кеңеш дегенди түзмөк. Мында ага Алматы шаарынын маслихатынын экс-депутаты, ошондой эле Алматыдагы «Казакстан» мейманканасына уюшкан түрдө келген бандиттерди куралдандырган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Махатов жигердүү көмөк көрсөтүшкөн», — деп билдирген Асылов.

Дикий Арман 2022-жылдын 7-январында Алматыдагы окуялардан кийин кармалган. Ал массалык башаламандык уюштурууга айыпталып, эки айга ТИЗОго камакка алынган. Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматында, ал толкундоолор учурунда шериктери менен «жолдо кетип бараткан» 24 адамды уурдап, полицияга кол салган.

Жумагелдиевдин жактоочулары айыптарды негизсиз деп эсептешет. Алардын айтымында, Арман башаламандык болуп жатканда жарандарды тынчтандырууга аракет кылган. Адвокаттардын пикиринде, аны «адилетсиз эле» Алматыдагы жаңжалдын уюштуруучусу катары көрсөткүлөрү келип жатат.

Аны менен катар Казакстандагы январь окуясында Арман Жумагелдиев кыргызстандыктарды «Алматы шаарындагы дүкөндөрдү тоноп жатканын» айтып, мародёрчулукка айыптаган.

Кийинчерээк кримтөбөлдүн апасы уулунун жана жеке өзүнүн атынан кыргыз элинен кечирим сурап, видео кайрылуу жасаган. Видеокайрылууну Жумагелдиевдин жубайы, Кыргызстандын сулуулар сынагынын мурдагы жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова Инстаграм барагына жарыялаган.

Январь окуялары

Коңшу өлкөдөгү нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында башталган. Анда тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган.

Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Жалпысынан январь окуясына катышкан деген шек менен 10 миңдей адам кармалган. Ошол эле учурда укук коргоочулар жана кармалгандардын жакындары убактылуу кармоочу жайда жана ТИЗОдо кармалгандарга кыйноолор болгонун билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Боордош эл жана кудабыз». Дикий Армандын апасы кыргыз элинен кечирим сурады

ТИМ Казакстандагы январь окуяларына кыргыз жарандары катышкан деген маалыматты төгүндөдү