ТИМ Казакстандагы январь окуяларына кыргыз жарандары катышкан деген маалыматты төгүндөдү

2022-жылдагы январь окуялары. Сүрөт: МКRU Казахстан

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 5-январда Казакстандын Башкы прокурору Берик Асыловдун өткөн жылдын январь айындагы тополоңго катышкандардын арасында кыргыз жарандары бар деген билдирүүсүн четке какты.

Министрлик «Клоопко» курган маегинде кыргыз тарап мындай маалыматты «кескин түрдө четке кагаарын» билдирди.

«Бир дагы жаран митингдерге, массалык талап-тоноолорго катышкан эмес. Массалык баш аламандык фактысы боюнча козголгон кылмыш иштерин тергөөдө Кыргызстандын эки жараны шарттуу түрдө сот жообуна тартылган. Бирок алар “өздөрүнөн көз каранды болбогон жагдайлардан улам, кокусунан өзүнчө эпизодго тартылып калган”», — деп белгиледи ведомство.

Андан тышкары, маалыматта 2022-жылы январь окуяларында Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлүк ведомстволору тарабынан Казакстандын аймагында жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзгөнү белгиленет. Анын натыйжасында, 600дөн ашуун кыргызстандык дароо эвакуацияланган.

Буга чейин Казакстандын Башкы прокурору Берик Асылов менен Ички иштер министри Марат Ахметжанов Мажилисте 2022-жылдагы январь окуясы боюнча иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берген.

«Массалык баш аламандыкка жана башка кылмыштарга катыштыгы бар деп чет элдиктер дагы кармалды. Алардын арасында Өзбекстан, Орусия, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары бар», — деген Асылов.

Аны менен катар ал, кармалгандардын арасында деструктивдүү диний агымдын сегиз жактоочусу да бар экенин кошумчалаган болчу.

Казакстандагы баш аламандыктар жана кыйноолор

Коңшу өлкөдөгү нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында башталган. Анда тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган.

Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Жалпысынан январь окуясына катышкан деген шек менен 10 миңдей адам кармалган. Ошол эле учурда укук коргоочулар жана кармалгандардын жакындары убактылуу кармоочу жайда жана ТИЗОдо кармалгандарга кыйноолор болгонун билдиришкен.

Казакстандын күч органдары тарабынан кыргызстандыктар да кыйноого кабылган. Алардын ичинен Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковдун кыйноолору чоң резонанс жараткан.

Джазмен Рузахунов кыйноого алынып, камерага өзүн жаманатты кылууга мажбурланган, ал эми Сыдыковдун кабыргасы жана эки буту сынган. Экөөнү тең кыйноого алуу фактысы боюнча Кыргызстанда да, Казакстанда да кылмыш иштери козголгон.

Викрам Рузахуновдун кармалганы Казакстандын «Хабар 24» телеканалынын видеосунан белгилүү болгон. Телеканалдын эфиринен 9-январь күнү бети-башы көгала, өзүн жумушсуз кыргызмын деп тааныштырып, 200 доллар үчүн башаламандыктарга катышканын айтып берген адамды көрсөтүшкөн.

Кыргызстандагылар аны таанып калып, ал белгилүү джазмен Рузахунов экенин айтып чуу чыгарышкан соң музыкант 10-январь күнү мекенине кайтарылган.

Бир айдан кийин музыкант кармалган учурда кыйноого алынып, кабыргаларын сындырып, видеого жаздырылган сөздөрдү күчкө салып жаттатышканын айтып берген.

Ал эми эмерек орнотуучу болуп Казакстанга каттап иштеген 47 жаштагы Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда 8-январда кармалган.

Коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери тарабынан талап-тоноочулук жана башаламандыкка катышканын моюнуна алууга мажбурланган Сыдыков эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда январь айынын соңунда Бишкекке жеткирилип, ооруканага жаткырылган.

Сыдыков бүгүнкү күнгө чейин өз алдынча баса албай, толук кандуу жашоого кайтууга мүмкүнчүлүгү болбой келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Касым-Жомарт Токаев январь окуяларын эл аралык комиссия иликтешинен баш тартты

Казакстанда Викрам Рузахуновдун кыйноого алынганы боюнча тергөө убактылуу токтотулду