Өзбекстан: «Док-1 Макс» дарысынан дагы бир бала каза тапты, төрт киши кармалды

Сүрөт: Xabar.uz сайты

Өзбекстанда жөтөлгө каршы «Док-1 Макс» дарысын ичкен дагы бир бала каза тапканы белгилүү болду. Бул ишке байланыштуу төрт киши кармалды. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы Наманган облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгына таянып билдирди.

Билдирүүгө караганда, маркум 15-декабрда «пневмониянын оор түрү, тамак сиңирүү функциясынын бузулушу, диспепсия, оор гиповолемия» диагнозу менен райондук медициналык бирикмеге түшкөн.

Ал 21-декабрда Республикалык ыкчам медициналык жардам көрсөтүү илимий борборунун (РСЦМК) Наманган филиалында каза болгон. Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы маалыматты 18 күндөн кийин — интернетте билдирүүлөр пайда болгон соң ырастаган.

«Бүткүл республика боюнча “Док-1 Макс” дарысынын терс таасири боюнча көйгөйлөр жарала баштагандан кийин, каза болгон бейтаптын апасынын айтымында, ал “Док-1 Макс” дарысын үйүндө да ичкени белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар, буга чейин Өзбекстанда «Док-1 Макс» дарысын колдонгондон кийин каза болуп калган 19 баланын өлүмүнө байланыштуу 6-январда төрт киши камакка алынган.

Маалыматка ылайык, алардын экөө — Дары-дармектерди стандартташтыруу боюнча илимий борбордун жооптуу кызматкерлери жөтөлгө каршы дарыны «лабораториялык текшерүүдөн өткөрүүдө талаптарды одоно бузган» деп айыпталып жатат. Ал эми экөө сиропту Өзбекстанга импорттогон Quramax Mediсal компаниясынын кызматкерлери экени маалым болду.

Өзбекстандын расмий маалыматына ылайык, буга чейин Индиянын Marion Biotech өндүрүүчүсү чыгарган сироптон жабыркаган жалпы 22 баланын 19у көз жумган. Дары-дармектин партиясынын курамында этиленгликол заты медициналык регламентте каралган нормадан 300 эсе көп экени маалым болгон.

Индия өкмөтү Өзбекстанда 19 баланын өлүмүнөн кийин Marion Biotech компаниясына каршы кылмыш ишин козгогон. Компания жөтөлгө каршы «Док-1 Макс» дарысын чыгарууну токтоткон.

Кыргызстанда тыюу салынган

Көңшу өлкөдө түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен 2022-жылдын 23-декабрынан тарта Кыргызстандын аймагында аталган дарыны сатуу убактылуу токтотулган. Аны менен катар үлгүлөр анализ жүргүзүү үчүн Борбордук контролдоо-аналитикалык лабораторияга жөнөтүлгөн.

Аталган препарат парацетамол, гвайфенезин, фенилэфрин сыяктуу активдүү заттарды камтыйт. Ысытма, баш оору, тамак оору, жөтөл менен коштолгон курч респиратордук вирустук инфекцияларга жана сасык тумоого каршы көрсөтүлгөн.

«Док-1 Макс» таблетка жана сироп түрүндө чыгарылып, Кыргызстанда 2018-жылы катталган. Акыркы жолу 2021-жылы импорттолуп, 2022-жылы өлкөгө импорт болгон эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзбекстанда дагы сегиз бала «Док-1 Макс» дарысынан жабыркаганы айтылды