Бир видео менен: Шевченко Ысык-Көлдө балыкчылык мушкерлер менен машыгып жатат

UFC чемпиону Валентина Шевченко Ысык-Көлдө машыгууларды өткөрүп жатат. Балыкчылык мушкерлер менен биргеликте өтүп жаткан машыгуулардын сүрөт жана видеосун Шевченко 10-январда Инстаграм барагында жарыялады.

«Балдар менен машыгуу мыкты болду. Мушташ өнөрүнө кызыгуу жана сүйүү күч экенин көргөнгө абдан кубандым!», — деп жазды Шевшенко билдирүүнүн алдына.

Валентина Шевченко кыргызстандык спортчу. Ал эл аралык мелдештеги алкачкы беттешине 14 жашында чыккан.

Жалпы жонунан спортчунун дүйнө чемпиондук 18 наамы бар: эки жолу Мушташ өнөрлөрүнүн дүйнөлүк оюндарында жеңген, муай-тай боюнча чемпиондук курун 11 жолу коргогон, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатында үч жолу ММА боюнча эки жолу жеңишке жеткен.

Рингде аны «Ок», ал эми октагондун сыртында — «Дүйнөнүн мыкты тай-боксчусу» деп аташат. Азыркы тапта Валентина UFC’де өтө жеңил жана жеңил салмак категорияларында таймашып келет.