Бишкек: Катуу сууктан улам үй-жайы жоктор үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Суукка байланыштуу Бишкекте үй-жайы жоктор үчүн атайын баш калкалоочу жайлар ачылды. Ал жерге барар жери жоктор келип жылынып, тамактанып жана түнөп кете алышат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта мэриянын Социалдык өнүктүрүү департаментинде тогуз баш калкалоочу жай бар — жети стационардык типтеги имарат, бир күндүз кабыл алуучу жер жана консультация берүүчү бир жай.

Мындан тышкары калаада дагы эки убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Октябрь районундагы 60 орундуу баш калкалоочу жер 12-кичи райондогу Аалы Токомбаев 1А дарегинде жайгашкан. Ал жерге 511938, 0708 880 218 (Сталбек Эсенкулов) номери аркылуу кайрылса болот.

Ал эми Свердлов районундагы 40 орундуу баш калкалоочу жай Фере көчөсү 34А дарегинде уюштурулду. Ал жердеги адистер менен байланышуу үчүн 360335, 0706 168 877 (Эркин Мамаев) номерине чалуу керек.

«Баш калкалоочу жерге муктаждар өздөрү кайрылса болот же укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам кызматы аркылуу жеткирилип турат. Кайрылгандарга бир маал ысык тамак берилип, зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлөт», — деп белгилешти мэриядан.

Ошондой эле калаа башкармалыгы Ленин районунда турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдар жана балдар үчүн «Кайрымдуулук борбору» иштеп жатканын кошумчалады. Ал жерге 644871 жана 0550 546 622 (Роза Казиевна) номери аркылуу кайрылса болот.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө катуу суук болорун эскерткен. Кыргыз гидрометтин маалыматын ылайык, өлкөнүн айрым аймактарында мезгил-мезгили менен кар, жамгыр жаап, айрым аймакта абанын температурасы -38 грудуска дейре төмөндөшү күтүлүүдө.

Кычырап суук болуп турган мезгилде барар жери жоктор кыйынчылыкта калышат. Мисалы, 2018-жылдын январь айында эле шаарда барар жери жок 15 адам тоңуп өлгөн, ошол кезде калаадагы убактылуу баш калкалоочу жайлар муктаждарга толуп калган.

Автору: Айпери Акылбек кызы

Тема боюнча:

Кычыраган суук. Барар жери жоктор суукта тоңуп калбашы үчүн кайда бара алышат ?