Эки кадр менен: Бишкектеги жаңы ачылган таштанды иргөөчү пунктун эки күндөн кийинки абалы

Коллаж. Солдогу сүрөт: Бишкек мэриясыныкы, оңдогу: Twitter колдонуучусу @Aiperim’дики

Бишкектин Биринчи Май районунда катуу тиричилик калдыктарын иргөөчү пункт ачылганына бир нече күн болду. Шаар тургундарына айнек, темир, пластик, тамак-аш калдыктары жана башка таштандыларды иргеп ыргытуу үчүн 12 контейнер коюлган.

11-январда @Aiperim деген Твиттер колдонуучусу жаңы челектерге таштандылар иргелбей эле баштыктарга салынып чаржайыт ыргытылганы тартылган сүрөттү жарыялаган. Сүрөттөн челектердеги таштандылар ашыра толгонун да көрүүгө болот.

Бишкек мэриясы окуяга азырынча реакция кыла элек, бирок буга чейин экоаянтчада видеокөзөмөл камералары орнотулганын билдирген болчу.

Тема боюнча окуңуз: Бишкекте таштанды иргөөчү пункт ачылды, ошентсе да калдыктардын бир бөлүгү полигонго төгүлөт