Бишкекте таштанды иргөөчү пункт ачылды, ошентсе да калдыктардын бир бөлүгү полигонго төгүлөт

Бишкектин Биринчи районунда Панфилов көчөсүндө тиричилик калдыктарын иргөөчү пункт иштей баштады, ошентсе да таштандынын бир бөлүгү шаар четиндеги таштанды полигонуна чыгарылып турат. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриядан белгилешкендей, «азырынча» чогулган таштанды иргелип жеке менчик кабыл алуучу жайларга өткөрүлөт, ал эми калганы полигонго чыгарылат.

Ошондой эле, мэриядан атайын экоаянтча инвесторлордун акчасына курулганын айтышты. Долбоордун максаты — жарандардын экологиялык аң-сезимин өнүктүүрү жана шаардын экологиялык абалын жакшыртуу.

«12 евроконтейнер, эки ведобайкоочу камера орнотулду, борбордук коммуникация каналдарына туташтырылды: суу, канализация жана электр жарыгы киргизилди. Таштанды иргегендерге 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулду», — деп билдиришти мэриядан.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Алардын айтымында, ушуга окшош аянтчаларды шаардын башка райондоруна ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бирок ага карабастан Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүүчү завод жок.

Жок завод

Шаар бийлиги 10 жылдан бери таштандыны кайра иштетүүчү жана сорттоочу заводдун курулушу тууралуу көп жылдардан бери айтып келишет. 2013-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы борбор калаага 22 млн евро бөлүп берген. Ал каражаттын жарымы насыя, мамлекет аны пайыздарын кошуп кайтарып бериши керек.

Жаңы полигон экологиялык нормаларга шайкеш келиши керек болчу. Анда өз-өзүнчө болуп бөлүнгөн казылган жерди болууга тийиш. Ошону менен катар газды, суюктукту жана из бөлүп чыгаруу системасы жана изоляция кылган материал менен жабдылышы керек болчу. Таштанды айлана-чөйрөнү булгабашы үчүн катмар-катмары болуп көмүлмөк.

Бишкек шаарындагы таштанды полигонуна жакын аймакта жашаган тургундар 10-октябрда митингге чыгышып, 70ке чукул киши таштанды өрттөөнү токтотуп, полигонду адамдар жашаган аймактан алыс жылдырууну талап кылышкан. Нааразычылыкка чыккандар менен Бишкектин вице-мэри Нурлан Орунтаев жолугуп полигондогу таштандыны өрттөөнү токтотууга аракет кылаарын убада берген. Андан тышкары, анын айтымында, бир жылдын ичинде таштандыны кайра иштетүүчү завод курулуп бүтүшү керек.

2022-жылдын декабрь айында атайын түзүлгөн депутаттык комиссия Бишкектеги таштанды полигонундагы маселени чечүүгө жумшалат делген 22 миллион евронун чоо-жайын иликтөөнү Коопсуздук кеңешине тапшырган. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожонун айтымында долбоор 10 жылдан бери ишке ашпай, каражат жок болуп кеткен. Ал беш кылмыш иши козголуп, анын экөөсү сотко жеткен деп билдирген.

Ал эми 15-декабрда Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу 2023-жылдын биринчи кварталында башталарын айткан. Ал эми курулуш иштери болсо 2022-жылдын сентябрь айында башталмак.

Дагы окууңуз:

Таштанды талаасы үчүн бөлүнгөн 22 миллион евронун чоо-жайын Коопсуздук кеңеши иликтей турган болду

Бишкектин мэри таштандыны кайра иштетүүчү завод 2023-жылы курулат деп убадалады