Канат Исаев үй камагына чыкты

Мурдагы депутат Канат Исаев 20-февралга чейин соттук териштирүү мөөнөтүнө үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Cот мындай чечимди 11-январда чыгарган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты 23-октябрда кармалган. Ал УКМКнын ТИЗОсуна 23-ноябрда киргизилген. Исаев ага чейин күн мурда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү болгон.

Соттон экс-депутаттын 2018-жылдын 1-октябрынан бери эч кайда кетпөө тил каты бар экенин да билдиришкен.

Бирок Исаевге карата козголгон кылмыш иши жашыруун гриф экенине таянып кеңири маалымат беришкен эмес.

Экс-депутаттын туугандарынын айтымында, 23-октябрь күнү аны УКМКга суракка чакырып, бир нече сааттан кийин кармашкан.

Сөз 2017-жылы козголгон кылмыш иши тууралуу болуп жатат. Анда УКМКнын кызматкерлери Исаевди «бийликти күч менен басып алууга» даярдык көрүүгө шектеп кармашкан.