Кара-Сууда «опузалап пара алган» айыл башчынын орун басары кармалды

11-январда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары жергиликтүү тургундан опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтан, жергиликтүү чиновник талап кылган акчанын 86 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алып жатканда кармалганын айтышты.

Кармалган шектүү. Сүрөт: УКМК.

Маалыматка ылайык, шектүү жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомду жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана тиешеси бар башка адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Буга чейин 10-январда, Талас шаардык мэриясынын балансындагы жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берүүгө шектелип төрт кызматкер кармалган.

Алар жергиликтүү бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирип, түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн менчиктеп алышканы айтылган.