Активист Шаменов Ташиевден Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын ишин «кароону» суранды

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган активист Илгиз Шаменов УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Активисттин кайрылуусу Фейсбук барагында жарыяланды.

Шаменов бул иштин башка фигуранттары болуп 80 күндөн бери камакта «мыйзамсыз» отурушканын белгиледи.

«80 күндө бир жолу гана сурак болуп, анда дагы тергөөчү күнөөңдү мойнуңа аласыңбы деген келжирек суроолорун берди. Бул эмне деген тергөө?» — суроо салды Шаменов.

9-январда Камчыбек Ташиевдин Фейсбук барагында «биз көбүн, дээрлик барын кечиришибиз керек» деген тариздеги пост чыккан. Бирок УКМКнын башчысынын посту кимдерге карата айтылганы белгисиз.

«Сиз бардык күч органдарды көзөмөлдөйсүз. Эгер айткандарыңыз чын болсо, биздин ишти карап коюңуз жана мыйзам бузган тергөөчүлөр, соттордун жоопкерчиликтери каралышы зарыл. Биз тез арада абактан чыгышыбыз керек, өз ой-пикирибизди билдирип койгон үчүн камалганыбыз канчалык деңгээлде туура деп ойлойсуз?» — деп суроо узатты Шаменов Ташиевге.

Кемпир-Абад иши

Илгиз Шаменов кармалганы 28-октябрда белгилүү болгон. Ал «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылып, Москвадан кармалган жана мекенине алып келинген.

Ага чейин Бишкекте бийликти Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп бергени үчүн сындаган саясатчылар жана активисттер массалык түрдө кармалган. Кемпир-Абад иши боюнча жалпы 30га чукул адам кармалган.

Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМден аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылганын билдиришкен. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган.

Алардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.